logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Бишкектиктерди Кыргызстандын эң табышмактуу этносторунун бири – дунгандардын музыкалык маданияты менен тааныштырышты

March 24, 2014, 06:00

Элин дилин билүү үчүн салтка айланган майрамында болуу, музыкасын угуу, үрп-адаттары менен таанышуу, улуттук тамак-ашынан даам татуу керек. 23-мартта өткөн “Музыка – элдин дили: дунгандар” концерт-лекциясы бишкектиктерге жана борбор шаардын меймандарына Кыргызстандын эң табышмактуу этносторунун бири – дунгандардын музыкалык маданияты жана салттары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берди. Концерттин программасы өзүнө таяктар менен бийленүүчү байыркы кайталангыс бийди, салттуу кийим-кечек кийген кыздардын модалуу дефилесин, дунган тилиндеги макалдарды, жагымдуу ырларды жана көптөгөн башка кызыктуу маалыматты камтыды.   Эске сала кетсек, “Музыка – элдин дили” концерт-лекцияларынын сериясы "Роза Отунбаеванын демилгеси" ЭКФ тарабынан демилге кылынган жана Кыргызстан калкынын Ассамблеясы менен бирдикте ПРООНдун жана «СТАрт» полиграфиялык комплексинин колдоосу менен өткөрүлүп жатат. Буга чейин “Музыка – элдин дили” программасынын алкагында корей, украин, казак элдеринин музыкалык маданияты жөнүндө концерт-презентациялар, ошондой эле Түндүк Кавказ элдеринин музыкалык маданияты жөнүндө концерт-презентация өткөн.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram