logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Бишкекте Аялдардын эл аралык күнүнө – 8-Мартка туш келтирилген «Поэзия кечеси» өттү

March 3, 2014, 06:00

Жаздын биринчи күнүндө Коомдук телерадио корпорациясынын концерттик студиясында эң ар түрдүү курактагы жана кесиптеги 150гө жакын адам чогулду, аларды бир нерсе – талант жана поэзияга болгон сүйүү бириктирди. Алардын бардыгы чогулушуна Аялдардын эл аралык күнүнө – 8-Мартка туш келтирилген «Поэзия кечеси» себепчи болду. Кеченин катышуучулары – жаш акындар чогулгандардын бардыгына эң ыйык – өздөрүнүн ырлары менен бөлүшүү, ошондой эле өздөрүнүн жакшы көргөн чыгармаларын окуп берүү үчүн келди. Поэзия кечесине Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева катышты.   Поэзия кечеси «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жыл сайын уюштурган, салтка айланган иш-чара болуп калды. Бүгүнкү күндө жаш акындар эмне жөнүндө ыр жазат? Алардын ата-бабалары эмне жөнүндө ойлонуп жана жазса, ошолор жөнүндө жазышат. Адамды сүйүү жана Мекенди сүйүү, бакыт жана айла кеткендик, бүткүл дүйнөнү жана жеке өзүн аңдап-түшүнүүгө умтулуу, ар бир адамды тынчсыздандырган нерселердин бардыгы жана ар бир акын көрүп жана өзү билгендей чагылдыргандын бардыгы. Кимдир-бирөөнүн ырлары угулушу, сөздөрүнүн айкашы жана өлчөмү боюнча салттуу стилди кайталайт, кимдир-бирөө адаттагыдан башкача айкаштарды жана ыкмаларды тандап, ритм жана рифмалар жагынан эксперимент кылууга аракеттенген. Кимдир-бирөө татаал темаларды аркалоого жана түшүнүүгө, жаңы өңүттөрдү ачууга умтулган, ал эми айрымдары кооздукту жана шыктанууну күндөлүк турмуштан көрөт. Кандай болгон күндө да, бардык чыгармалар кайталангыс жана өзгөчөлүү.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram