Кечээ 23-январда Бишкекте коомдук байкоочу кеңештердин «Мамлекеттин коомго отчеттуулугу жана ак ниеттүү башкарууга жарандардын катышуусу» эл аралык конференциясы ишин баштады
January 24, 2014, 06:0023-январда Бишкекте коомдук байкоочу кеңештердин «Мамлекеттин коомго отчеттуулугу жана ак ниеттүү башкарууга жарандардын катышуусу» эл аралык конференциясы өз ишин баштады. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын министрликтеринин алдындагы коомдук байкоочу кеңештердин үч жылдык ишин жыйынтыктарына арналган, ошондой эле мамлекеттик башкаруу, коом алдында мамлекеттин отчеттуулугунун мейкиндигин кеңейтүү жана жогорулатуу маселелеринде диалогду тереңдетүүгө багытталган. Жолугушууда катышуучулар ошондой эле эл аралык тажрыйбага ылайык коомдук байкоочу кеңештерди андан ары өнүктүрүүнүн жаңыланган концепциясын иштеп чыгуу маселелерин талкуулоодо. Конференциянын ишине Европа жана Азия өлкөлөрүнөн келген эл аралык эксперттер катышып жатат, алар коомдук кеңештердин мамлекеттик органдар менен ийгиликтүү өз ара аракеттенүүсү, жер-жерлерде башкарууга жарандардын катышуусу жагынан өз тажрыйбаларын бөлүшүүдө. Бул иш-чараны уюштуруучу – «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду. Конференция Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, ЮСАИДдин, ПРООНдун демократиялык башкаруу боюнча программасынын, ОБСЕнин колдоосу менен өткөрүлүп жатат.