“Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун 2012-жылы жасалган иш тууралу боюнча отчет

January 23, 2013, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» – Эл аралык коомдук фонду (ЭКФ) өзүнүн ишин 2012-жылдын январында программаларды жана долбоорлорду демилге кылуу жана өткөрүү максатында баштаган, бул документтер социалдык, саясий, экономикалык өнүгүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга кудуреттүү. 

Фонд өзүнүн демилгелерин негизги төрт программа боюнча жүргүзөт: 

1) Келечекки муунга инвестициялоо; Адвокаси билим берүүнү жана сергек жашоо ыңгайын онүктүрүү чөйрөсүндө балалыкка, энеликке жана жаштарга зарыл болуучу тейлөө кызматтарынын сапатын жана алардан пайдаланууну жакшыртуу боюнча кампанияларды жүргүзүү; 

2) Демократиялык башкаруу: адилеттүү жана демократиялык институттар аркылуу демократиялык башкаруунун сапатын жакшыртуу; 

3) Туруктуу социалдык өсүш: социялык жактан жаңылануу жана Кыргыз Республикасында адамдын өсүп-жетилишин жакшыртуу үчүн социалдык жаңычылдыктар жана технологияларды пайдаланууга берүү аркылуу эканомикалык өнүгүүгө колдоо көрсөтүү, анын ичинде региондук кызматташуу, адамдын кудурет-күчүн өөрчүтүү, кооперативдик кыймылды, өз ара жардамдашуунун микро-финансылык тармактарын, социалдык жаңычылыктарды жана социалдык ишмердүүлүктү ишке киргизүү.

4) Ар түрдүүлүк жана Маданият бул дүйнөлүк баалулуктардан пайдалануу катары: абдан жакыр жана зээндүү балдар жана жаштар, ошондой эле кеңири коомчулук үчүн Кыргызстанда искусствонун, музыканын, адабияттын жана элдик кол өнөрчүлүктүн жетимдүүлүк деңгээлине колдоо көрсөтүү.

Өзгөчө шыкка ээ болгон жаш өспүрүмдөргө жана кызыктар болгон коомчулук үчүн кыргыздын маданиятына анын ичинде музыкасына, кол өнөрчүлүгүнө, адабияты менен колдонуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу жана колдоо көргөзүү.

Фонд он инструменти жана ыкманы пайдалануу менен өзүнүн өзөктүү бенефициарлары жана стейкхолддору үчүн төрт программаны ишке ашырат:

Инструменттер жана ыкмалар

Бенефициарлар жана максатту топтор

Стейкхолддор


1) Байланыш платформалары:

«Мекендештер» форуму

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар, жаш кесипкөйлөр, социалдык ишкерлер, өзүнүн өлкөсүндө өсүп жетилүүнү жана гүлдөп өнүгүүнү каалаган Кыргызстандын жарандары

Эмгек жана жумуштуулук министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, диаспоралар жана эмгек мигранттары, Жаштар министрлиги, Экономикалык өнүктүрүү министрлиги

2) Байланыш платформалары: «Азияны ачуу» (Discover Asia) Жаштара, ишкерлер, студенттер, саламаттык сактоо секторлорундагы кесипкөйлөр, билим берүү, бизнес, мамлекеттик камсыз кылуу Тышкы иштер министрлиги, Жаштар министрлиги, Экономикалык өнүктүрүү министрлиги

депутаты Жогорку Кенештин депутаттары, ЖКнын тармактык комитеттери, регионалдук жана жергиликтүү администрациялар, муниципалдык бийликтер

3) Окутуу турлары: Түштүк-Түштүккө алышуулары Саламаттык сактоо кызматкелери(маселен, докторлор, хирургдар, медик айымдар, адистер, администраторлор, ж.б.); окутуучулар, мугалимдер, педагогдор, бала бакчалардын адинистраторлору , балдарга жана жаштарга таалим-тарбия берүү боюнча адистер Тышкы иштер министрлиги, Жаштар министрлиги, Экономикалык өнүктүрүү министрлиги, депутаты Жогорку Кенештин депутаттары, ЖКнын тармактык комитеттери, регионалдук жана жергиликтүү администрациялар, муниципалдык бийликтер

4) Ноу-хауну өткөрүп берүү: социалдык жаңычылдыктар Жаштар, айым-активисттери жана айым-ишкерлер, жаш кесипкөйлөр, социалдык ишкерлер,таланттуу студенттер жана жаңычылдар, социалдык багыттагы жаштар жана чоңдор, жамаатын активисттери, жарандык сектордун активисттери Тышкы иштер министрлиги, Жаштар министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Экономикалык өнүктүрүү министрлиги депутаты Жогорку Кенештин депутаттары, ЖКнын тармактык комитеттери, регионалдук жана жергиликтүү администрациялар, муниципалдык бийликтер микро-финансы уюмадары, өзүнө-өзү жардам берүү боюнча жергиликтүү топтор

5) Билим берүү академиясынын лекториуму: Билим мерчемдери Жаш ата-энелер, окутуучулар, педагогдор, бала бакчалардын тарбиячылары, мугалидер, тренерлердин тренерлери, жамааттык активисттер жана жайылтуучулар, эмгек мигрантарынын балары, коммерциялык эмес уюмдар(КЭУ) жана жарандык сектордун активисттери

Университеттер, Билим берүү министрлиги, эксперттик жамаат

6) Ар-түрдүүлүк жана маданият: жалпы дүйнолук баалулуктарды жана биримдүүлүктү илгерилетүү үчүн маданиятка, музыкага, адабиятка жана кол өнөрчүлүккө арналган иш-чаралар

окуучулар, студенттер, жаштар, жаңы конуштардан жана кедей райондордон келген жакыр кыйла аялуу балдар жана жаштар, кеңири коомчулук, сүрөтчүлөр жана музыкантар, жазуучулар, акындар, маданаий жана адабий ассоциациялар Кеңири коомчулук, университтер жана искусстволор мектептери, музыкалык консерваториялар, Билим берүү жана маданият министрлиги

7) Адвокаси боюнча акциялар жана кампаниялар Кеңири коомчулук, чечим чыгаруучу адамадар, КЭУ, жарандык сектор Кеңири коомчулук, чечим чыгаруучу адамадар, КЭУ, жарандык сектор

8) Саммиттер: жогорку тармактык форумдар жана региондук кызматташтуу боюнча конференциялар Чечим чугаруучу эл аралык жана региондук жактар, үйдөгү жана чет өлкөдөгү эксперттик жамааттар «тинктанктар»( англ. thinktanks, аналитикалык борборлор), кесипкөй ассоциациялар жана бирликтер

Тармактык министрликтер, региондук өнөктөштөр, региодук ассоциациялар жана бирликтер

9) Кооперативдик кыймыл боюнча тармак Фермерлер, кооператорлор ассоциациясы, кесипкөй уюмдар, ишкерлер, айылдыктар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча активисттер жана эксперттер, ноу-хау боюнча жаңычылдар

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, Айыл чарба жана суу ресурстары боюна министрлик, Экономикалык өнүктүрүү министрлиги, чечимди кабыл алуучу негизги жактар

10) Социалдык артыкчылыкты микро-финансылоо Айым-ишкерлер, айылдыктар, ассоциациялар микро-кредиттик уюмдар Жергиликтүү өз алдынча башкармалыктар, банктар жана микро-кредиттик уюмдар, Экономикалык өнүктүрүү министрлиги, банктар жана микро-кредиттик уюмдар, Экономикалык өнүктүрүү министрлиги, Финансы министрлиги

Биричи жылдын демилгелери

5) Келечекки муунга инвестициялоо: Адвокаси билим берүүнү жана сергек жашоо ыңгайын онүктүрүү чөйрөсөндө балалыкка, энеликке жана жаштарга зарыл болуучу тейлөө кызматтарынын сапатын жана алардан пайдаланууну жакшыртуу боюнча кампанияларды жүргүзүү;

Кенже балдарга билим берилишине колдоо көрсөтүү

Адвокаси жана билим берүүгө колдоо көрсөтүү кампаниялары аркылуу Фонд балалыктын, энеликтин сапатын, ошондой эле Кыргыз Республикасында аялдардын жана жаштардын турмушунун сапаты жогорулашына көмөк көрсөтүүгө умтулат.

2012 жылы Фонддун эң маанилүү демилгелеринин бири кенже жаштагы балдарга билим берүү жагындагы секторго колдоо көрсөтүү болгон. Мектепке чейинки жааттагы Кыргызстанда басымдуулук кылган алгылыксыз кырдаал өзгөрүлүшү. Бүткүл өлкө боюнча мектепке чеййинки жаштагы балдардын 13% гана бала бакчаларыга барат, а айыл жерлеринде 5% гана барат, Кыргызстандын өсүп жаткан мунда билим алуу, турмуштук жетишкендиктер, турмуштун сапаты жагынан артта калуу коркунучу бар.

Билим берүү чөйрөсүндө Кыргыз өкмөтү тарабынанан иш-чаралар көрүлсө да Фонд төмөндөгүдөй демилеглерди өткөрөт:

- 6-7 жаштагы бардык балдар үчүн мамлекет тарабынан кепилденген 1-жылдык мектепке кирер адындагы программаны милдеттүү киргизүү боюнча кампания, дыкаттык менен финансылык анализ ушундай программанын зарылдыгы жана мүмкүнчүлүгү жөнүндө даярдалып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атайын Парламенттик угууларына коюлган;

- Кыргызстанда кенже жашта билим берүү боюнча альтернативалуу формаларды жана программаларды, маселен, мектепке кирер алдындагы, жарым күн иштөөчү бала бакчаларды, жамааттык бала бакчаларды жана кыска мөөнөттүү бала бакчаларды Кыргыз Республикасынын Чүй, Талас, Нарын облустарынын жайлоолорунда киргизүү;

- ЮНИСЕФтин, Ага-Хан фондунун жана Азия өнүктүрүү Банкынын ийгиликтүү методикаларын мектепке чейинки курактагы балдардын арасында бала бакчаларга начар баруу проблемасын чечүүдө жайылтуу. 2012-жылдын апрелинде түндүк Кыргызстандан чечимдер кабыл алуучу адамдарынын 40тан ашууну «окутуучу тур» тажрыйба алышуу программасынын алкагында Ош шаарында жана Ош облусунда болушту, ушул учурда алар жамааттык бала бакчалардын методдорун жана практикасын өз ара алышты;

- Мындан тышкары бүткүл өлкө боюнча кенже жашта таалим-тарбия, маалымат алышуу, ошондой эле жана тарбиячылар, мугадимдер жана ата-энелер үчүн балдарды тарбиялоодо жаңычыл мамиле жасоо боюнча ар айлык тренинг «Билим берүү академиясы – Лекторий: Билим мерчемдери» камкордугунун натыйжасында өтөт. Биринчи лекция Вальфдор педагогикалык методуна арналып, 2012-жылдын сентябрында өткөрүлдү, а Монтессори методуна арналган лекция 2012-жылдын ноябрь айында өткөрүлдү. Музыкалык билим берүү Судзуки методун пайдалануу, ошондой эле кенже жаштагы балдарды окутуу методикасына арналган башка лекциялар иштелип чыгууда жана 2013-жылга пландалды. Лекциялар Россиядан, Германиядан жана башка жогорку билимдүү өлкөлөрдөн келген белгилүү эксперттер тарабынан өткөрүлөт;

Айымдардын ден-соолугу

2012-жылдын октябрында Роза Отунбаева Борбордук Азия региону боюнча Сүт безинин рагы жөнүндө маалыматты жайылтуу боюнча кампаниянын ыктыярдуу эркине элчи болуп дайындалган («Роза өңдүү жибек лентача» кампаниясы). 2012-жылдын июнунда Роза Отунбаеванын күч-аракетинен улам Япониянын өкмөтү Кыргыз Республикасында эмчек рагынын диагностикасынын татаал кырдаалын жакшыртуу максатында мамографиялык жабдуу түрүндө жардам көрсөткөн.

1) Governance демократиялык башкаруу: Адилеттүү жана демократиялык институттарды күчтөндүрүү аркылуу демократиялык башкаруу

Кыргыз Республикасынын өкмөттүк министрликтеринин жана ведомстволорунун отчеттуулугу жана ачык-айкындыгы боюнча Коомдук байкоочу кеңештердин 40тан ашууну

Коомдук контролдун бул формасы 2011-жылы президент Отунбаева тарабынана демилге кылынган. А 2012-жылдын октябрында Роза Исаковна Отунбаева Кыргыз Республикасынын өкмөттүк министрликтеринин жана ведомстволорунун отчеттуулугу жана ачык-айкындыгы боюнча Коомдук байкоочу кеңештер (КБК) тармагынын координациялык кеңешинин Ардактуу төрайымдыгына шайланган. Фонд конференциянын тажрыйбасын алмашуу, ошондой эле өкмөттүк жана мамлекеттик институттрдын ишин коомдук контролдоонун прогресчил методдорун үзгүлтүксүз издөө боюнча иш-чараларды уюштуруу аркылуу КБКнын ишине колдоо көрсөтөт.

Борбрдук Азиядагы Парламенттик республикада экс-Президент институтун түзүү жана күчтөндүрүү

Айым лидер, регондогу тынчтыкка жана кызматташууга кошкон салымы элдер арасында таанылган мамлекеттик ишмер тарабынан жүргүзүлгөн Борбрдук Азия өлкөлөрүндө демократиялык башкаруунун тажрыйбасы боюнча лекциялардын эл аралык жана региондук сериялары:

- Европанын Күндөрү, Варшава, Польша, декабрь 2011 конференциясына чакырылган баяндамачы;

- Борбордук Азияда коопсуздук проблемалары боюнча Коопсуздуктун Азиялык форумуна, Коргоону Институту, Нью-Дели, Индия февраль 2012 чакырылган баяндамачы;

- Кытай менен Борбордук Азиянын ортосундагы Дипломатиялык мамилелердин 20-чы юбилеине негизги баяндамачы, Тунг Сиань, Кытай, май 2012;

- Атайын чакырылган баяндамачы, «Президенттиктин учурундагы басым: Кыргызстан бүгүн жана эртең», Чатам хаус, Лондон, Улуу Британия, май 2012;

- ЕБРР дин «Бизнестеги айымдар» Ар жылдык жолугушуусуна чакырылган баяндамачы, Лондон, Улуу Британия, май 2012;

- Плюрализм маселелери боюнча чакырылган баяндамачы, Плюрализм боюнча Ааламдашкан Борбор, Оттава, Канада, май 2012;

- Чакырылган баяндамачы, Ааламдашкан Айымдар Саммитти, Афины, Греция, июнь 2012;

- Негизги баяндамачы, Индия менен Кыргыз Республикасындагы ортосундагы дипломатияылык мамилелердин 20-чы Юбилей, июнь 2012;

- Чакырылган баяндамачы, Айымдар конференциясы, Уланбаатр, Монголия, июль 2012;

- Чакырылган баяндамачы, Демократииянын Жамаатынын Конференциясы, Уланбаатр, Монголия, июль 2012;

- Чакырылган баяндамачы, Швейцариянын төрагалыгындагы Бүткүл дүйнөлүк банктын тобунун 20-чы Юбилейи, Женева, Швейцария, сентябрь 2012;

- Негизги баяндамачы, Борбордук Азиядагы Айым-ишкерлердин Конференциясы, октябрь 2012;

- Эл аралык гуманитардык форумдагы баяндамачы, Баку, Азербайджан, октябрь 2012;

- Чакырылган баяндамачы, белгилүү акын Низами Ганджевинин 870 жаштык юбилейи, Баку, Азербайджан, октябрь 2012;

- Чакырылган баяндамачы, КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жана академиялык жамааттарынын эксперттеринин конгресси, КМШ өлкөлөрүнүн эл аралык кызматташуу боюнча Эл Аралык Форумундагы Кыргыз Республиксынан өкүл катары, Ашгабат, Түркмөнстан, октябрь, 2012;

- Негизги баяндамачы, Азыркы Борбодук Азиянын Айымдары, Эл аралык Конференция, Граца, Грац университети, Австрия, ноябрь 2012;

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине айым талапкерлерге колдоо көрсөтүү» Негизги баяндамачы конференции, Бишкек, Кыргыз Республикасы, ноябрь 2012;

- Мадрид клубунун ар жылдык жолугушуусундагы негизги баяндамачы, Литтл Рок, Арканзас, АКШ, декабрь 2012.

2) Үзгүлтүксүз социалыдк өсүш: социалдык жаңычылдык жана Кыргыз Республикасында адамдардын өсүп-жетилишин өөрчүтүү үчүн технологияларды өткөрүп берүү аркылуу экономикалык өнүгүүгө колдоо көрсөтүү, анын ичинде региондук кызматташуу, адамдык күч-кубатты, кооперативдик кыймылды, өз ара жардамдашуунун микро-финасылык тармакты, социалдык жаңычылдыкты жана социалдык ишкерчиликти өөрчүтүү

Мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилишине консультация берүү жана экспертик колдоо көрсөтүү

Фонд микро-финансылык иш боюнча мыйзам долбооруна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жагынан анализди жана сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдоо учурунда Кыргыз Республикасынын Микро-финансылык уюмдарынын ассоциацисы менен кызматташкан. Бул толуктоолор жана өзгөртүүлөр бир нече жолку жолугушуулардын, анын ичинде 2012-жылдын мартында Микро-финансылык уюмдардын ассоциациясынын улуттук форумунда, ошондой эле 2012-жылдын июнунда эки парламенттик комитеттин ортосундагы жогорку деңгээлдеги жолугушууда каралган.

Фонд Кыргыз Республикасынын Кооперативдик кыймылынын улуттук конгрессине кооперативдик кыймылдын мүчөлөрүнө лидерликти жана шыктанууну берүү менен колдоо көрсөтөт.

Байланыш платформалары: «Мекендештер» (Соотечественники) Форуму

«Мекендештер» форуму – бул Кыргыз Республикасында мамлекеттик курулуш жана адамдык капиталды башкаруу сыяктуу баардыгын камтуучу проблемаларды чечүүнү издеп тапкыдай инструменттердин бири. Демилге Кыргыз диаспорасы ар кайсы өлкөлөрдө, Кыргызсандын жарандарынын үйүндөгү жана чет өлкөдөгү проблемаларын чечүүдөгү анын ролуна, байланышына, мекендештердин өсүп-жетилүү процесине, Кыргызсандын гүлдөп өнүгүшүнө байкаларлык салым кошуусу сыяктуу ааламдашуу процесинин фонунда Кыргызсандын жарандарынын проблемаларын кеңири камтыган темаларга багытталган.

Форум ар эки жылда бирден өткөрүлөт. «Мекендештер» форумунун биринчи конференциясы 2012-жылдын 2-3 августунда Бишкекте Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен бирдикте өткөрүлгөн, ага дүйнөнүн ар кайсы 20дан ашуун өлкөсүнөн мекендештер катышкан. Бет ачарлардын жана талкуулардын темалары бир нече секцияга бөлүнүп, ага экономика жана бизнес, транспорт , коммуникация, саламаттык-сактоо, билим берүү, маданият, туризм, чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарга байланыштуу мамлекеттик саясат сыяктуу темалар киргизилген.

Байланыш платформалары: «Азияны ачуу»

Фонддун демилгелеринин бири талкуулар, пикирлерди түзүү, ошондой эле Кыргызстанды өнүктүрүү максатында баардык прогрессчил күчтөрдү консолидациялоо үчүн байланыш мейкиндиктерин түзүү болуп эсептелет. «Азияны ачуу» – бул Кыргызстанда максаттуу аудитогриялар үчүн уюштурулган чогулуштар жана иш чаралар аркылуу бизнес мүмкүнчүлүктөр, маданият жана каада-салт, ошондой эле Азия өлкөлөрөнүн экономикалык ийгиликтери жөнүндө билимди жогорулатуу үчүн ушундай демилгелердин бири.

Фонддун демилгелеринин бири талкуулар, пикирлерди түзүү, ошондой эле Кыргызсанды өнүктүрүү, бардык прогрессчил күчтөрдү консолидациялоо үчүн байланыш мейкиндиктерин түзүү болду. «Азияны ачуу» – бул бизнес-мүмкүнчүлүктөр, маданият жана каада-салттар, ошондой эле Кыргызстанда максаттуу аудиториялар үчүн уюштурулган чогулуштар жана иш-чаралар аркылуу Азия өлкөлөрүнүн экономикалык ийгиликтери жөнүндө билимдм жогорулатуу үчүн ушундай демилгелердин бири. Бул үзгүлтүксүз (ар айлык) иш-чаралар чет өлкө элчиликтери, бизнесмендери, экспертери жана «Азияны ачуу» демилгелеринин тигил же бул иш-чараларынын фокусу болуп эсептелген өлкөлөрдүн саясатынын иштеп чыгуучулары менен бирдикте уюштурулган. 2012-жылдын ичинде «Азияны ачуу» демилгеси төмөндөгүдөй алты иш-чараны даярдады:

- Бангладеште микро-финансылык секторду өнүктүрүү бет ачарын;

- Кытайда экономикалык көргөзмөлөрдүн бет ачарын;

- Индияда билим берүү жаңычылдыкары жөнүндө бет ачарды;

- Японияда экономикалык өсүш жана ийгилик факторлору жөнүндө бет ачар;

- Малайзиянын мурдагы премьер-министри Тун Др. Махатхир бин Мухаммад мырзанын «Ааламдаштыруу: Алга карай сапар» бет ачары;

- Түштүк Кореянын экономикалык өнүгүшүнө жашыл өсүш принциптерин киргизүү боюнча бет ачар.

Тажрыйба алышуу боюнча визитер – Стади турлар (South-South)

Фонд Бангладеш,Кытай, Индия сыяктуу өлкөлөрдө төмөндөгүдөй темалар боюнча Кыргыз Республикасынын кесипкөй жана эксперттик жамааттар үчүн бир нече стади тур уюштурду:

- Микро-финансылоо;

- Врач адистер, администраторлор жана мед айымдар үчүн саламаттык-сактоо ж.б.;

- Журнализм;

- Соода ;

- Дүң рынокторду башкаруу;

- Иштетүүчү тармактар.

3) Ар-түрдүүлүк жана маданият дүйнөлүк баалулуктарга кирүү катары: Кыргызстанда жакыр жана зендүү балдар, жаштар , ошондой эле кеңири коомчулук үчүн искусствонун, музыканын, адабияттын жана элдик кол өнөрчүлүктүн жетимдүүлүк деңгээлине колдоо көрсөтүү.

Маданият, искусство, адабият жана элдик кол өнөрчүлүккө арналган иш-чараларды Фонд Бишкектеги кеңири кооомчулук үчүн жана бүткүл Кыргызстан боюнча өткөрөт. Алар өлкөдө тынчтыкка жана биримдикке колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле чыгармачыл жана артисттик, сөз өнөрүн жогорулатууга багытталган.

Класикалык музыка бардыгы үчүн

Бул демилге Кыргыз улуттук консерваторисы менен бирдикте балдарга арналган классикалык музыка эмне экендигин туюндурат жана классикалык музыкалык маданиятты калктын арасына жайылтат Бишкектин айланасындагы ички мигранттардын турак жай массивтеринде жайгашкан он мектептин ичинен балдар үчүн классикалык мызыканын ар айлык концертери Бишкек мэриясынын жардамы менен уюштурулган. Кеңири аудитория үчүн концертеринин сериясы, жаш мызыкантар үчүн мастер класстар, оркестерлердин, композиторлордун иши жөнүндө лекциялар менен аралаш коюлган атайын концерттер, ошондой эле аспаптарда оюн өнөрү жөнүндө атайын концерттер, балдарга арналып ар кандай аудиториялардын ичинде чоң ийгиликтер менен коюлду. Бул музыкалык иш-чаралар Бишкек шаарынын иш мигрантарынын арасында …. Салым кошот, ошондой эле алар коомдун бардык социалдык катмарлары үчүн өз ара түшүнүшүн жана адилеттүү өнөгүшү үчүн негизин түптөгөө көмөк көрсөтөт

Адабият бардыгы үчүн

2012жылдын 6-чы мартында Эл аралык аялдар күнүнө арналган Айым жазуучу аттуу кечеси өттү.

2012-жылдын июнунда бардык жаштардагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн өлөңдөрдүн декламациясы боюнча «Ticket Schoolдун» көмөктөшүүсү менен Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасы конкурс өткөрүлдү.

Айтылуу акындарга жана жазуучуларга арналган адабий кечелер жана окурмандар клубдары Кыргызстандын жаш муундарынын арасында адабиятты окуп берүүнүн маанисин күчөтүү максатында өткөрүлөт. Дүйнөлүк поэзиянын алптарынын бири, азербайжан акыны жана философу Низами Ганжевинин 870 жаштык юбилейине арналган поэзия жана музыка кечеси

2012-жылдын ноябрында өткөрүлдү, ошондой эле Низаминин китептери, ал жана анын өмүрү жөнүндөгү көргөзмөлөр Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасына коюлду.

Мындан тышкары Фонд Борбордук Азиянын китебинин жана Адабий фестивалынын биринчи форумуна катышты, ал ал 2012-жылдын ноябрында Бишкекте, Кыргыз Республикасы.

өткөрүлдү .

Искусствого, адабиятка, музыкага жана элдик кол өнөрчүлүккө арналган көптөгөн башка иш-чаралар 2013-жылга пландалды.