Жайлоо бала бакчаларынын тарбиячылары Түркиядагы мектепке чейинки билим берүү тажрыйбасын өздөштүрүүдө.

September 27, 2024, 08:52

Кыргызстандын жайлоо бала бакчаларында иштеген тарбиячылар кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында Стамбул шаарында алдыңкы мектепке чейинки билим берүү практикалары менен таанышып жатышат.


Иш сапардын алкагында алар 26-сентябрда Шейит Ибрагим бала бакчасы жана Шейит Кубилай бала бакчасы билим берүү мекемелерине барышты. Бул визит мектепке чейинки билим берүү тармагында колдонулуп жаткан жаңы методдорду, ошондой эле балдардын эрте курагындагы өнүгүүсүнө багытталган инновациялык ыкмаларды изилдөөнү көздөдү.


Түркиянын тарбиячылары менен болгон жолугушуу учурунда кыргызстандык тарбиячыларга социалдык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана мектепке даярдоо боюнча түркиялык программалар тууралуу кеңири маалымат берилди. Бул тажрыйба жайлоо бала бакчаларынын тарбиячылары үчүн абдан маанилүү болуп, Кыргызстандын мектепке чейинки билим берүү системасын жакшыртууга чоң салым кошору айтылды.


Тажрыйба алмашуу программасы "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду жана Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Союзу тарабынан колдоого алынып уюштурулду.