Акын Алтынбек Исмаилов №72 мектептин окуучулары менен жолугушту
November 20, 2026, 14:18
Бишкек шаарындагы №72 жалпы билим берүү мектебинде «Жылдыздар китеп окуйт» демилгесинин алкагында акын Алтынбек Исмаиловдун окуучулар менен чыгармачылык жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө акын окуучуларга Байдылда Сарногоевдин, Салижан Жигитовдун, Расул Гамзатовдун, Алыкул Осмоновдун жана башка акындардын ырларын, өзүнүн чыгармаларын, котормолорун көркөм окуп берди. Ошондой эле окуучулар менен эркин баарлашып, алардын суроолоруна жооп берди. Акын китеп окуунун мааниси, көркөм адабияттын адамдын дүйнө таанымын кеңейтүүдөгү жана руханий өнүгүүсүндөгү орду тууралуу ой бөлүштү. Ошону менен бирге,акын мектепке өз калемине таандык китептерин тапшырды.
Иш-чаранын алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Роза Жазыбаевна фонд тарабынан балдар үчүн чыгарылган китептер тууралуу маалымат берип, китеп окуу маданиятын калыптандыруунун жана балдардын интеллектуалдык, руханий өнүгүүсүндөгү китептин маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле мектептин китепканасына фонддун атынан китептерди белек кылды.
Билим берүү департаментинин өкүлү Мурсаева Айнура Кубанычбековна балдарды көп китеп окууга чакырып, китеп окуудагы усулдар менен бөлүштү.
Мектептин директору Гүлайым Нуркалиевна Жукешева акын Алтынбек Исмаиловго жана иш-чараны уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, мындай жолугушуулар окуучулардын адабиятка болгон кызыгуусун арттырып, чыгармачылык дүйнөсүн байытууда маанилүү экенин белгиледи.
Жолугушуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин көмөгү менен уюштурулду.
Мындай чыгармачылык жолугушуулар балдарды китеп окууга үндөп, улуттук жана дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрү менен тааныштырууга, акын-жазуучулар менен түз баарлашууга мүмкүнчүлүк түзөт.








