Сегодня на выставке «Жибек Жолу» был День экологических знаний

April 16, 2019, 06:00

Бүгүн, 16-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт музейинде өтүп жаткан “Жибек жолу” интерактивдүу Көргөзмөсүнүн алкагында Экологиялык билимдер күнү болуп өттү.


Иш чарага Бириккен Улуттар Уюмунун Айыл чарба жана азык-түлук уюму (ФАО), Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы, “Германиянын жаратылышты коргоо союзу” коомдук бирикмесинин (NABU) Кыргызстандагы филиалы, “Үч чака”, “Кыргызстандын агрардык платформасы”, “Оюн групп” коомдук уюмдары жана компаниялары катышты.


“Агрардык платформа” өзүнүн экологиялык таза продукцияларынын көргөзмөсүн уюштурду. “Үч чака” коомдук фонду таштандыларды кантип бөлүп-бөлүп чогултуу керек экендиги тууралуу көрүүчүлөргө лекция өттү. “Оюн групп” тобу болсо “ Кыргызстанды тааны” деген темада көргөзмөгө келген балдардын катышуусунда оюндарды, ал эми NABU биоартүрдүүлүк боюнча викториналарды уюштурду.


Ошондой эле белгилүү эколог Эмиль Шукуров “Жылдыздар балдарга китеп окуйт” акциясынын алкагында көргөзмөгө келген балдарга экология темасындагы китептерден окуп берди.


Көргөзмөнүн интерактивдик аймагында болсо экология боюнча видеороликтер, “Энергетикалык диета” оюну көрсөтүлдү, робототехника боюнча көргөзмө коюлду.


Көрөзмө учурунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук фонду тарабынан мобилдик технологияларга окутуу боюнча “50+” иш чарасы жана “Эко тарбиялоо” деген темадагы лекциясы өткөрүлдү.