«Ак-Сыйнат» жайлоо өнүктүрүү борбору жаңы жайкы сезонун ачты

July 21, 2026, 05:20

Талас районунун  Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Суусамыр жайлоосунун тилкесинде 2026-жылдын 18-июлунда «Ак-Сыйнат» жайлоо өнүктүрүү борборунда жаңы жайкы сезондун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул долбоор жай мезгилинде ата-энеси менен бирге бийик тоолуу жайлоолордо жашаган балдардын сапаттуу мектепке чейинки билим алуусуна, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана маданий иш-чараларга катышуусуна мүмкүнчүлүк түзүп, өзүнүн маанилүү миссиясын улантууда.


«Ак-Сыйнат» жайлоо өнүктүрүү борбору өз ишин 2014-жылы баштаган. Борбордун жетекчиси Кымбат Байматованын, ата-энелердин, тарбиячылардын жана Талас облусу боюнча координатор Кенжегүл Сырмамбетованын жигердүү эмгегинин аркасында балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзгөн коопсуз, чыгармачыл жана өнүктүрүүчү чөйрө калыптанууда. Майрамдык иш-чаранын алкагында чыгармачылык мастер-класстар, балдардын кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү, улуттук оюндар жана кызыктуу таанып-билүүчү сабактар уюштурулду.


Балдар үчүн өзгөчө кызыгуу жараткан мастер-класстарды Талас облусунун кол өнөрчүлөрү, Х. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Кыргыз-кытай факультетинин ыктыярчылары жана окутуучулары, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучулары, ошондой эле Талас райондук Балдардын билим берүү борборунун робототехника боюнча адистери өткөрүштү. Ар түрдүү билим берүү программасынын негизинде балдар улуттук кол өнөрчүлүк менен катар заманбап технологиялар дүйнөсү менен да тааныша алышты.


Салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айгүл Закирова, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, өнөктөш уюмдар, ата-энелер жана Суусамыр өрөөнүнүн тургундары катышышты.


Өз сөздөрүндө коноктор ар бир бала жашаган жерине карабастан сапаттуу өнүгүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алышы керектигин белгилешип, мектепке чейинки курактагы балдардын өнүгүүсүнө жасалган инвестиция өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн эң маанилүү өбөлгөлөрүнүн бири экенин баса белгилешти.


Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин айым долбоор балдардын өнүгүүсүнө гана эмес, кыргыз элинин бай маданий мурасын сактоого да чоң салым кошуп жатканын белгиледи: «Кыргыз эли өтө бай тарыхка, маданиятка жана каада-салттарга ээ. Бул мурастарды сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү абдан маанилүү. Жайлоо өнүктүрүү борборлорунда балдардын улуттук оюндарды, кол өнөрчүлүктү, үрп-адаттарды жана элибиздин маданий баалуулуктарын үйрөнүп жатышы кубандырат. Кытай Эл Республикасынын Элчилиги бул демилгени жогору баалайт жана балдардын өнүгүүсүнө, ошондой эле эки элдин достугун чыңдоого багытталган долбоорлорду мындан ары да колдоону улантат.»


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова тоолуу аймактардагы балдарды өнүктүрүүнүн маанисине токтолду: «Жайлоо өнүктүрүү борборлору  бул балдардын жайкы эс алуучу жайы гана болбостон ар бир бала жашаган жеринин шартына карабай билим алып, ойной турган, талантын ачып, жөндөмүн өнүктүрө турган жер. Биз сапаттуу мектепке чейинки билим берүү ар бир бала үчүн жеткиликтүү болушу керек деп эсептейбиз. Жаратылыштын койнунда, улуттук маданият жана салт менен айкалышкан тарбия бул долбоорду өзгөчө маанилүү кылат. Фонд мамлекеттик органдар, жергиликтүү жамааттар жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте бул демилгени он жылдан ашык убакыттан бери ийгиликтүү ишке ашырып келет. Долбоорду колдогон бардык өнөктөштөргө, педагогдорго, ата-энелерге жана жергиликтүү жамааттарга терең ыраазычылык билдиребиз.»


Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айгүл Закирова балдардын жаратылыш менен айкалышкан чөйрөдө тарбияланышынын өзгөчө маанисин белгиледи: «Бүгүнкү күндө балдардын дени сак, шайыр жана бактылуу өсүшү үчүн бардык шарттарды түзүү өтө маанилүү. Жайлоодо алар жаңы билим гана албастан, таза абада ойношот, жаратылышты сүйүүгө, улуттук салттарды урматтоого, бири-бири менен достошууга жана биргелешип иштөөгө үйрөнүшөт. Мындай балалык алардын туулган жерине болгон сүйүүсүн арттырып, сергек жашоо образын калыптандырат. Бул сыяктуу долбоорлор өлкөбүздүн келечегине кошулган чоң салым болуп саналат.»


Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова долбоордун мектепке чейинки билим берүү системасындагы ордун белгиледи: «Жайлоо өнүктүрүү борборлору көп жылдан бери Агартуу министрлигинин ишенимдүү өнөктөшү болуп, жай мезгилинде мектепке чейинки билим берүүнү уюштурууга чоң көмөк көрсөтүп келет. Бул долбоор аркылуу жайлоодо жүргөн миңдеген балдар өнүгүүнү улантып, сапаттуу мектепке чейинки билим алышууда жана теңтуштары менен баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Бул демилге өзүнүн натыйжалуулугун далилдеп, ар бир бала үчүн мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда маанилүү орунду ээлейт.»


Долбоор жөнүндө

«Жайлоо өнүктүрүү борборлору» долбоору «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан 2013-жылдан бери ишке ашырылып келет. Долбоордун максаты – жай мезгилинде бийик тоолуу жайлоолордо жашаган балдардын сапаттуу мектепке чейинки билим алуусуна, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүсүнө жана маданий иш-чараларга катышуусуна шарт түзүү.

2026-жылы долбоор өлкөнүн бир катар бийик тоолуу жайлоолорун камтып, миңдеген балдардын бала бакчалардан алыс болсо да билим алып, ойноп, чыгармачылык менен алектенип, ар тараптуу өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүүдө. Долбоор «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык өнөктөштөр жана жергиликтүү жамааттардын көп жылдык кызматташтыгынын негизинде ийгиликтүү ишке ашырылып келет.