Ай чыкты
November 22, 2025, 22:45Илимий изилдөөлөргө ылайык, балдар менен бирге ырдоо алардын өнүгүүсүнө эбегейсиз чоң таасир тийгизет. “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ Миндеру фондунун колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Бешке чейин үлгүр» долбоорунун алкагында балдар менен ата-энелер бирге ырдай ала турган ырларды жогорку сапатта жаздырылды. Ырларды белгилүү аткаруучулар Гулзат Байзакова жана Ишен Календаровдун неберелери Арууке, Искендер, Адеми аткарып, алардын чыгармачылыктагы тушоосу кесилди. «Бешке чейин үлгүр» долбоорунун алкагында ата-энелер үчүн балдарды кенже курактан өнүктүрүү тууралуу илимий далилденген маалыматтар кыргыз тилине которулуп «5 кадам» китеби жарыкка чыкты жана ата-энелер үчүн кеңештер 5 kadam_ инстаграм баракчасына видео форматында сунушталды. Ай чыкты Элдик ыр Аткаруучулар Эмил Ишен Айсаана Оморова Камбар кызы Адеми Ай чыкты карачы, Айдан биз жаралдык. Ай нуру төгүлгөн, Алтындай балалык. Күн чыкты карачы, Күндөн биз жаралдык. Күн нуру төгүлгөн, Күмүштөй балалык. Асманда жылдыздар, Жылмайып карашат. Анткени алар да, Тынчтыкты самашат