Бүлдүркөн

November 22, 2025, 22:44

Илимий изилдөөлөргө ылайык, балдар менен бирге ырдоо алардын өнүгүүсүнө эбегейсиз чоң таасир тийгизет. “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ Миндеру фондунун колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Бешке чейин үлгүр» долбоорунун алкагында балдар менен ата-энелер бирге ырдай ала турган ырларды жогорку сапатта жаздырылды. Ырларды белгилүү аткаруучулар Гулзат Байзакова жана Ишен Календаровдун неберелери Арууке, Искендер, Адеми аткарып, алардын чыгармачылыктагы тушоосу кесилди. «Бешке чейин үлгүр» долбоорунун алкагында ата-энелер үчүн балдарды кенже курактан өнүктүрүү тууралуу илимий далилденген маалыматтар кыргыз тилине которулуп «5 кадам» китеби жарыкка чыкты жана ата-энелер үчүн кеңештер 5 kadam_ инстаграм баракчасына видео форматында сунушталды. Бүлдүркөн Сөзү Ж.Мамытовдуку Обону А.Бөдөшөвдуку Аткаруучулар Ишен Календаров Байзакова Гүлзат Үй-бүлөлүк ансамбли Жыты сонун буркурап Ай,бүлдүркөн, бүлдүркөн Жар башынан салаалап Бала көзүн күйдүргөн Колдорубуз көк боек Тергенибиз бүлдүркөн Суу боюнан салаалап Кыздар көзүн күйдүргөн Ай,бүлдүркөн, ай бүлдүркөн, бүлдүркөн Сайгылаган тикени Сабагынан кармасам Таарынат го мөмөсү Таап терип албасам Бүлдүркөндүн ширесин Бөбөгүмө ичирем Күчтүү болуп чоңоет Досторунун ичинен Ай, бүлдүркөн, ай бүлдүркөн, бүлдүркөн Көнөчөккө толтуруп Апама да алпарам Сен бышканда бүлдүркөн Бала болбос чарчаган Колдорубуз көк боек Тергенибиз бүлдүркөн Суу боюнан салаалап Кыздар көзүн күйдүргөн Ай бүлдүркөн,ай бүлдүркөн, бүлдүркөн