Көпөлөк
November 22, 2025, 22:42Илимий изилдөөлөргө ылайык, балдар менен бирге ырдоо алардын өнүгүүсүнө эбегейсиз чоң таасир тийгизет. “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ Миндеру фондунун колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Бешке чейин үлгүр» долбоорунун алкагында балдар менен ата-энелер бирге ырдай ала турган ырларды жогорку сапатта жаздырылды. Ырларды белгилүү аткаруучулар Гулзат Байзакова жана Ишен Календаровдун неберелери Арууке, Искендер, Адеми аткарып, алардын чыгармачылыктагы тушоосу кесилди. «Бешке чейин үлгүр» долбоорунун алкагында ата-энелер үчүн балдарды кенже курактан өнүктүрүү тууралуу илимий далилденген маалыматтар кыргыз тилине которулуп «5 кадам» китеби жарыкка чыкты жана ата-энелер үчүн кеңештер 5 kadam_ инстаграм баракчасына видео форматында сунушталды. Көпөлөк Сөзү А.Токтомушевдики Обону Б.Бейшеналиевдики Аткаруучулар: Камбар уулу Искендер Камбар кызы Адеми Камбар кызы Арууке Кон,коногой, көпөлөк Тоонун кары кетелек Мелт-калт болуп сай-сайдан Суу ташкындап өтө элек Бириң кызыл бириң ак Канатыңда темгил так Гүлгө консо, жарашкан Татынакай боюң чак Кон коногой,көпөлөк Тоонун гүлү өсө элек Төргө килем төшөлүп Эл жайлоого көчө элек Биздин жердин гүлү көп Жайнап турат күлүңдөп Кон,коногой, көпөлөк Учуп кетпей көкөлөп