«Татыктуу жашоо»

10 мая 2024 г. в 09:35

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду (ЭКФ) өнөктөш "International Alert" уюму менен бирдикте Чүй областынын Ысык-ата районунун Ивановка айыл округунда “Татыктуу жашоо” долбоорун ишке ашырып жатат, аны Улуу Британиянын Өкмөтү финансылайт. Долбоор гендердик стереотиптерден жана кысымга алуудан арылууга, жүрүм-турумду өзгөртүүнүн эсебинен үй-бүлөнүн деңгээлиндеги гендердик зомбулукту азайтууга жана үй-бүлөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Бул долбоордун алкагында алдыга коюлган максатка жетишүү үчүн комплекстүү чаралар көрүлөт.