Роза Отунбаева – БУУнун Афганистандагы Миссиясынын башчысы өлкөдөгү кырдаал жөнүндө
March 9, 2024, 12:14Бириккен Улуттар Уюмунун Афганистанга көмөктөшүү боюнча Миссиясынын башчысы жана Башкы катчынын Афганистан боюнча Атайын өкүлү (БУУБАМ) Роза Исаковна Отунбаеванын Коопсуздук Кеӊешиндеги консультациялардан кийин Афганистандагы кырдаал жөнүндө ЖМК үчүн берген комментарийлери. Коопсуздук Кеӊешинин жыйынынан кийин, Афганистан боюнча Атайын өкүл журналисттердин алдына чыгып сүйлөдү. Учурдагы иштеп жаткан бийлик жана эл аралык деӊгээлде таануу тууралуу суроолорго жооп берип жатып, ал мындай деди: «Албетте, алар таануу жок болсо андан ары илгерилөө абдан кыйын экендигин түшүнүп жатышат. Жана дагы мен, алар муну албетте каалашат, бирок ошол эле учурда буга жетишүү канчалык кыйын экендигин дагы түшүнүп жатышат деп айтар элем, себеби алар бир нече эл аралык стандарттарга шайкеш келбейт. Өкмөттүн алар муну жеӊүүсү керек экендигин түшүнгөн бир бөлүгү бар, бирок өйдө жактан дагы кимдир-бирөө, жок аялдар жана кыздар көшөгө артында болуулары керек деп чечиптир».