"Ностальгия" поэзия кечеси

January 30, 2024, 22:38

2023-жылдын 21-декабрында саат 12:00 до К.Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик Университетинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан “Ностальгия” аттуу поэзия кечеси өткөрүлдү. Иш-чараны К.Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик Университетинин тил жана тарбия иштери боюнча проректору Азамат Сатиев ачып берди. Ал өз сөзүндө уядан учкан акын студенттери менен сыймыктанаарын, алар жөнүндө дайыма эстеп тураарын айтып, чыгармачылык ийгилик каалады. Иш-чарада КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Элдар Аттокуров, КР Эл аралык "Нурборбор" чыгармачылык академиясынын мүчөсү Айгерим Токтоналиева, Россиянын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Урал Федералдык университетинин магистранты, "Бийигим" ырлар жыйнагынын автору Турсунай Калмурат кызы, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Самат Тоялиевдин чыгармалары жаңырды. Поэзия кечесине катышкан акындар өздөрү да К.Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик Университетинен билим алышкан жана аларды университеттин эмгек жамааты жана студенттери жылуу тосуп алышты. Акындар студенттик күндөрдү эске салган жатакана, коомдук унаа, алгачкы сезимдер, ата-энени сыйлоо жана сагынуу, үй бүлө куруу темаларындагы ырларын окуп беришти. Акын Турсунай Калмурат кызы Фонд тарабынан ишке ашырылган коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган “Мигрант аял – өнүгүү түркүгү” долбооруна катышкан. Ал долбоордун жүрүшүндө жазган мигрант аялдарды, кыздарды колдоо боюнча, аларга боюнча бологон зордук-зомбулукту азайтуу темаларындагы ырларын окуп берди. Иш-чаранын жүрүшүндө музыкалык тыныгуу болуп, анда белгилүү обончу, ырчы, КР эл артисти Аксуубай Атабаевдин небереси “Жаңы Толкун” адабий клубунун мүчөсү Сайкал Атабаева өзүнүн обондуу автордук чыгармаларын аткарып берди. Андан сырткары ырчы Шерзат Жумалиев да Турсунай Калмурат кызынын калемине таандык ырына обон чыгарганын айтып, көрүүчүлөргө ырдап берди. Кеченин катышуучулары окууну бүтүрүп кеткен эже-агаларынын ырларын берилүү менен угуп, алкыштады. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова акындарга, келген көрүүчүлөргө ыраазычылыгын билдирип, студенттердин окууларына ийгилик каалады. Фонддун “Поэзия кечелери” Роза Исаковнанын жеке демилгеси экенин, бул демилге аркылуу көптөгөн акындар таанылып, аларга колдоо болгонун, поэзия жан дүйнөнүн азыгы экенин кошумчалады. Фонддун “Поэзия кечелери” демилгеси белгилүү жана жаш акындарынын поэзиясын колдоого, борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун маданий-агартуу эс алуусун өнүктүрүүгө багытталган. Поэзия кечеси “Р.Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду тарабынан, “Жаңы толкун” адабий клубунун колдоосу жана К.Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик Университетинин Эл аралык байланыштар боюнча проректору Исаматова Гүлзаттын жардамы менен уюштурулду.