Мигранттар мекенге салган акчаны жакындары ысырапкорчулукка кетирбей, максаттуу пайдалануусун каалашат

May 28, 2021, 17:23

Мигранттар мекенге салган акчаны жакындары ысырапкорчулукка кетирбей, максаттуу пайдалануусун каалашат. Үсөн Тойчиев Төөлөс айыл аймагындагы Карагечти айылынын имамы. Ал айылдагы активист аялдар менен биргеликте ысырапкорчулук менен күрөшүп келет. Жаңы норманын киргизилиши менен акыркы 3 жыл ичинде айылдагы жакшылык-жамандыктарга ашыкча чыгымдар 70-80% пайызга кыскарган. Жергиликтүү жашоочулар “ыйлата жыртуу”, “себет” берүү жана “дасторкон алмашуу” каадасынан биротоло баш тартышкан. Эми маркумдун ар бир баласынын бодо мал союп куран окутпастан, бир эле баласы куран окутуп калды. Үнөмдөлгөн каражатка көчөлөр жарыктандырылып, мечиттин ремонтуна, таза суу менен камсыздоо үчун трубаларды алууга жумшалып жатат. Бул иштердин жыйынтыгы абдан пайдалуу болгондуктан, жаштар тойлорго да ашыкча чыгымдарды кыскартып, ал каражатка айылда бала бакча, спорттук стадионду курууга жумшоону демилгелеп жатышат. Айылдагы ысырапкорчулуктун азайышына миграциядагы аялдар жакшы көмөк көрсөтүштү. Мекенине акча салган жердештер ал каражаттардын максаттуу пайдаланышын каалашат. Имам Үсөн Тойчиевдин позитивдүү тажрыйбасы БУУ Тынчтыкты куруу Фондунун “Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” Долбоорунун алкагында позитивдүү девианттарды жана тажрыйбаларды аныктоо боюнча изилдөөнүн негизинде табылды. “Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоору БУУ Тынчтыкты куруу фондунун колдоосу менен БУУ аялдар түзүмү, Эл аралык миграция уюму, Эл аралык эмгек уюму менен биргеликте “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып келүүдө.