Санам Давранова несколько лет назад уехала вместе с мужем в трудовую миграцию на заработки

May 27, 2021, 17:14

Миграциядан кайтып келген Санам Давранова, балдарынын таарынычын көрүп, дагы канчалаган мигранттардын балдары ушинтип дайынсыз калып жатат деп, өз алйылына бала-бакча курууну ишке ашырган Санам Давранова бир нече жыл мурун жолдошу менен чогуу миграцияга кетип, балдарын туугандарына калтырып кетүүгө мажбур болушкан. Кайтып келгенден кийин балдары тарабынан таарынычты байкап өзүн күнөөлүү сезген. Ошондо канчалаган мигранттардын балдары ушундай абалда экенин сезип, Орозбеков айылында бир дагы бала бакча жоктугуна көңүл бурган. Мектепке чейинки курактагы балдардын билим жана тарбия алуусуна шарт түзүү максатында 2015-жылы бала бакча ачкан. Жергиликтүү тургундар бала бакчанын негизги демөөрчүсү болушкан. Бала бакчаны жергиликтүү демөөрчүлөр жана жергиликтүү бийлик колдоп келет. Мектепке чейинки мекемелер аз болгон өлкөнүн башка аймактарында да бул мисалды колдонуу актуалдуу. Санам Давранованын позитивдүү тажрыйбасы БУУ Тынчтыкты куруу Фондунун “Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” Долбоорунун алкагында позитивдүү девианттарды жана тажрыйбаларды аныктоо боюнча изилдөөнүн негизинде табылды. “Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоору БУУ Тынчтыкты куруу фондунун колдоосу менен БУУ аялдар түзүмү, Эл аралык миграция уюму, Эл аралык эмгек уюму менен биргеликте “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып келүүдө.