Акматалиева Курманбү көп жылдан бери үй шартындагы бала бакчаны жетектеп келет.

May 26, 2021, 17:09

Акматалиева Курманбү көп жылдан бери үй шартындагы бала бакчаны жетектеп келет. Ал биринчи бала бакчаны 2010-жылдагы июнь окуяларынын кесепетинен, балдарды өнүктүрүү максатында Сузак районундагы Благовещенка айылында ачкан. “Росинка” бала бакчасы кыргыз жана өзбек улутундагы балдар арасында достукту чыңдоо жана чыр чатактарды алдын алуу максатында ачылган. Курманбүбү Акматалиева дагы бир бала бакчаны Кызыл Туу айылында ачкан. Бирок жергиликтүү бийлик колдоо көрсөтпөй койгондугуна байланыштуу, миграцияга кеткен агасынын ээн турган үйүнө бала бакча ачып алган. Ата-энелердин жардамы менен зарыл болгон жабдуулар алынып жаңы тайпа ачылган. Курманбү Акматалиеванын позитивдүү тажрыйбасы БУУ Тынчтыкты куруу Фондунун “Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында позитивдүү девианттарды жана тажрыйбаларды аныктоо боюнча изилдөөнүн негизинде табылды. “Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоору БУУ Тынчтыкты куруу фондунун колдоосу менен БУУ аялдар түзүмү, Эл аралык миграция уюму, Эл аралык эмгек уюму менен биргеликте “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып келүүдө.