Шыктандыруу жана колдоо – силер өз кыздарыңарга бере ала турган мыкты нерсе

April 22, 2021, 09:55

Шыктандыруу жана колдоо – силер өз кыздарыңарга бере ала турган мыкты нерсе. Кыздардын колунан бардыгы келет, эч кандай чек жок, алар күчтүү, эр жүрөк жана алар багынта албай турган бийиктиктер жок. Ушул шыктандыруучу ролик ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан «МКТдагы кыздар» эл аралык күнүнө карата атайын даярдалды. Биз кыздардын ар кандай кесипке кызыгуусун кубаттоого жана алардын кызыгуусун «эркектердин иши» жана «аялдардын иши» деп бөлбөөгө ата-энелерди чакыргыбыз келет. Гендердик стереотиптерге алдырбастан, силер өз кыздарыңарды колдоп жана алар үчүн зор мүмкүнчүлүктөрдү ачасыңар.