Келечек үчүн камкордук

May 11, 2016, 08:02

Бул сюжетте Талас областынын Бакай-Ата районундагы эки: Акчал уулу Дүйшөн атындагы жана Султаналив атындагы мектептердин кенже класстын окуучуларына ысык тамак уюштуруудагы иш тажырыйбасы чагылдырылган. Сюжет “Келечек үчүн камкордук” деп аталып, мында мектептеги балдарга берилчу тамак-аштын жакшыртылган жаңы үлгүлөрүн киргизүүдөгү алдыңкы тажырыйбалары, райондун мектеп тамагын өнүктүрүү боюнча программасы тууралуу сөз болот. Акчал уулу Дүйшөн атындагы мектеп Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Азык Түлүк программасынын пилоттук мектеби, ал эми Султаналиев атындагы мектеп ата-энелердин, айыл өкмөтүнүн колдоосу менен балдарга ысык тамакты уюштурган. Бул, мектеп тамагын жакшыртуу программасы жергиликтүү бийлик, ата-энелер тарабынан да кызуу колдоого ээ болуп жатканынын далили.