Встреча с наставниками проекта «Девочки в науке» в Оше

February 24, 2021, 22:58

19-20-февралда Ош шаарындагы «Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылары менен таанышуу жолугушуусун чагылдырган Регион ТВ каналына ыраазычылык билдиребиз. Келечек муунга STEM багытын жайылтууда маалымат каражаттарынын орду чоң! «Илимдеги кыздар» долбоорун ишке ашыруунун (2021-2022-жылдар) алкагында 200 насаатчы жана Бишкек шаарынын, Чүй олбастынын Аламүдүн, Сокулук райондорунун, Ош шаарынын жана Ош областынын Кара-Суу районунун пилоттук мектептеринин 2600 окуучу кызы тандалат. Ментордук курстар үч этап менен уюштурулат, мында 5 ай бою насаатчылар өздөрүнүн шакирттерин коштойт. 2021-жылдын мартынан тартып ментордук курстардын биринчи этабы ишке тартылган бизнес-ассоциациялардын 100 ментору жана STEM-кесиптериндеги айымдар менен башталат. Ар бир насаатчыга Бишкек шаарынын, Ош жана Чүй областтарынын мектептеринин STEM адистиги боюнча ЖОЖдорго тапшырууну пландаштырып жаткан 7-10-класстарынын кыздарынын тобу бекитилет. ЮНИСЕФтин "Илимдеги кыздар" долбоору "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду тарабынан "Балдарды коргоо борбору" коомдук бирикмеси жана АУЦАнын Инновациялык колледжи менен биргеликте ишке ашырылууда