«Көз караш» программасында «Аялдардын тынчтык куруу ишине катышуу маселеси» темасында талкуу

November 6, 2020, 15:35

Кыргызстан коомундагы бүгүнкү туруксуз абал, конфликттер БУУнун 1325 Резолюциясынын маанисин дагы жогорулатып отурат. Анткени бул документ ар кандай конфликттерди жөнгө салууда аялдардын ролу маанилүү экендигин баса белгилеп, мамлекеттерди аялдарды конфликттерди жөнгө салуу ишине бардык денгээлдерде активдуу катыштырууга чакырат жана алардын пикирлерин эске алуу керектигин белгилейт. Кыргызстан кол койгон бул Резолюциянын принциптери бизде азыр өз деңгээлинде сакталбай жатат. Аялдардын коомду турукташтырууга катышуусу чечим кабыл алган деңгээлде жеткен эмес. Мисалы, айыл кенештердин депутаттарынын болгону 10%ын гана аялдар түзөт. Чынында аялдардын тынчтык куруу ишине катышуусу өз деңгээлинде болушу үчүн аялдар айылдык кенештерден тартып Жогорку Кенешке чейин мыйзам чыгаруу, чечим кабыл алуу иштерине жигердүү катышуусу керек.