«Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз» аттуу билим сандыгы тартууланат

August 24, 2020, 11:57

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун эко-долбоору 2018-жылы – Аймактарды өнүктүрүү жылы – 5-10 жаш курактагы балдар үчүн "Изучаем наш Кыргызстан" жана "Кыргызстаныбызды кыдырабыз" аттуу кооз иллюстрацияланган китептерди кыргыз жана орус тилдеринде чыгарды. Башкы каармандар Эркинай менен Бекжан жана алардын ата-энесинин саякатына ортоктош болуп, окурман биздин өлкөнүн баардык облустарын кыдырат да, ар кайсы аймактардагы кайталангыс сонундар менен тааныша алат. Бул китеп балдардын Кыргызстандагы биомаданий ар түрдүүлүктү таанып билишине жол ачат. Китеп жөнүндө балдар, ата-энелер, китепканачылар, педагогдор жана эксперттер, жалпы эле окурмандар, ошондой эле туристтер жакшы пикир айтышты. Мектепке чейинки мекемелер менен иштөөнү улантып, педагогдордун сунушу боюнча жаӊы (2019-2020-чы) окуу жылдын башталышына карата “Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз” аттуу эки тилдеги усулдук колдонмо менен дидактикалык материалдан турган Билим сандыгы (өзүнчө 2 комплект) иштелип чыкты. Анын максаты – балдардын туулган жерин жана жаратылышты жакшы көрүүгө тарбиялоо, курчап турган чөйрөдөгү баардык жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө кызыгуусун ойготуу жана аларды коргоого дилгирлентүү аркылуу экологиялык таалим берүү, ошондой эле кыргыз элинин салттуу билимдери жөнүндө баштапкы билим берүү. Сунушталып жаткан көргөзмөлүү-оюн материал кыргыз элинин каада-салттары, тиричилик маданияты, улуттук таалим-тарбиянын өрнөктөрү менен тааныштырат. А3 жана А4 форматында басылып чыккан бул комплектеги көргөзмөлүү-дидактикалык материалдын төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрү бар: - салттуу жана заманбап кийимчен чоӊ ата менен чоӊ эне баштаган кыргыз үй-бүлөсү алгач ирет башкача сүрөттөлдү; - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү карточка түрүндө сүрөттөлдү; - “Жыл мезгилдерин” чагылдырган улуттук кийимчен аял бейнелери иштелип чыкты; - кыргыз элинин салттары боюнча сюжеттик 5 иллюстрация иштелип чыкты; - Кыргызстандын жана республиканын 7 облусунун карталары балдардын кабылдоосуна ылайыкталып, сүрөттөр менен коштолуп, эки форматта иштелип чыкты. Бул материалдардын баары кыргыздардын эзелки боз үйүндөгү салттуу буюм болгон сандыкка салынды.