"Кыргызстаныбызды кыдырабыз" китебин аудио жана видео окуу

June 5, 2020, 21:35

Биздин саякат “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан жана Кристенсен фондунун колдоосу менен чыгарылган "Кыргызстаныбыздыкыдырабыз" жана "Изучаем наш Кыргызстан" китебинин негизинде ишке ашырылды. Китепти чыгарууда чоң команда иштеди: Идеясы жана демилгеси –Kлара Исак кызыныкы, китептин автору жана котормочусу - А.Капалова, сүрөтчүсү - С.Марченко, дизайнери - К.Юсупова, редакторлору - А.Чымырбаев (кыргыз тилинде) жана Т.Кузьмина (орус тилинде), илимий кеңешчиси - Г. Курманова, дизайны - АЯН Design. Фотосүрөттү тарткандар: А.Абылов, А.Федоров, А.Жоробеков, А.Карсымбек, А.Капалова, В.Колченко, В.Ушаков, К.Юсупова, К.Исак кызы, М.Фоггин, М.Дудин, С.Марченко, Т.Зейналова. КР Президенти тарабынан 2020-жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы деп жарыяланганын эске алуу менен биз карантин учурунда (COV -19) жогоруда аталган китептердин негизинде видеороликтерди даярдоону чечтик. Бул иште кайдыгер эмес инсандар өзүнүн көмөгүн көрсөтүштү, ал үчүн биз: - китепти окуп берген Жылдыздарга - У.Борченовко, К.Кубанычбековко, А.Шерге, Н.Айтбековага, Э.Рыскулбековко, У.Сапаровко, Э.Нурбаевге, Нэнага, А.Камчиевке, А.Волкодавка, А.Курмановага, С.Доолотбаковго жана Ю.Руцкаяга; - биз колдонгон сүрөттөр үчүн ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандын Улуттук комиссиясына жана биздин китептин сүрөттөрү үчүн И. Нурмамбетовко; - биздин видеолорду даярдоодо жана монтаж жасоодо чыгармачылык менен иш алып баргандыгы үчүн CompAct тобуна чоң ыраазычылык билдиребиз! Кыргызстан тууралуу тартылган бул видеороликтер бала бакчаларда жана мектептерде пайдалуу маалымат катары колдонулат. Ошондой эле үй-бүлөнү бекемдөөгө, жаратылышка карата камкор мамиленин чыңдалуусуна жана ички туризмдин өнүгүүүсүнө өбөлгө түзүп, көптөгөн көрүүчүлөрдү / окурмандарды, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздин балдарын кызыктыра алат деп ишенебиз! Мекениңди тааны, сүй жана сакта!