Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен! #5

April 10, 2020, 23:00

«MEDIA LAB PRODUCTION» продакшн-студиясы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоору үчүн маалыматтык медиа материалдардын сериясын чыгара баштайт. Маалыматтык материалдар «Медиа жана арт-долбоорлор аркылуу көп түрдүүлүк жана урбан-активизм идеяларын алга илгерилетүү» багыты боюнча «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «Маалыматтын эркиндиги» программасынын колдоосу менен даярдалды. Жарандардын экологиялык маданиятын жогорулатуу максатында 2015-жылдын мартынан тартып июнуна чейинки мезгилде эко-долбоордун алкагында социалдык маалыматтык-билим берүүчү 5 видеоролик тартылат. Роликтер жергиликтүү телеканалдар боюнча көрсөтүлөт жана социалдык тармактар боюнча таратылат, ошондой эле «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду жыл сайын өткөрүп жаткан Үчүнчү Билим берүү фестивалынын сайтына (festival.roza.kg) жайгаштырылат.