«Үйлөмө аспаптардын парады»

April 10, 2020, 13:36

Концерт «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду тарабынан Швейцариянын КРдагы Элчилигинин колдоосу аркасында Улуттук филармония менен бирдикте уюштурулду. КР экс-Президенти Роза Отунбаева, Швейцариянын КРдагы Элчиси Рене Холенштайн мырза жана Улуу Британиянын КРдагы Элчиси Петер Орд-Смит мырза концерттин меймандары болуп калды. Концерттин программасы Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскердик-көрсөтмөлүү оркестринин күчү менен даярдалды. Өлкөнүн аскердик мыкты оркестри өзүнүн көрүүчүлөрүнө сонун программаны тартуулады, ал марштар менен гана чектелген жок – алар болгону экөө болду: «Жеңүүчүлөрдүн триумфу» Маршы жана Радецкий Маршы, ошондой эле Жюль Верндин китебинин мотивдери боюнча тартылган «Вокруг света за 80 дней» фильминен музыка жана Gypsy Kings репертуарынан мелодия жана уккулуктуу «Рио-Рита» мелодиясы бар. Попурри астында оркестрдин «дефилеси» программанын эң сонун учуру болуп калды – эң сабырдуу көрүүчүлөр да чыдап тура алган жок. Номер бүткүл залдын жапырт кол чабуусу менен аяктады. Аскердик оркестрдин дирижеру – капитан Джуматай уулу Дастан жана анын музыканттары виртуоз оюну, аскердик тыкандыгы жана аскердик жигери менен өзүнүн көрүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн түнөк тапты. Концертти алып баруучу – ажарлуу Анна Алябьева үйлөмө аспаптардын кызыктуу тарыхын жана алардын аталыштарын сунуш кылды: пиколло найы – эң кичинекей най, найлар, кларнет, труба, качандыр бир кезде узун мүйүз формасында болгон, бирок кийин ийилип жана үлүлдүн формасына ээ болгон волторна, саксофон, тромбон, баритон жана туба. Көрүүчүлөр ар бир аспаптын үнүн өз-өзүнчө уга алды. Бир аздан соң эки эң тайманбас жаш көрүүчү өз билимдерин текшерип, аспаптардын үнү боюнча алардын аталышын табууга аракет кылды. Бул кыйла татаал болуп чыкты...