«Сыйкырдуу күз» аралаш техникасы боюнча мастер-класс
November 23, 2013, 06:00Көрүнүктүү советтик педагог Василий Александрович Сухомлинский балдар кооздук, оюн, жомок, музыка, сүрөт, кыялдануу, чыгармачылык дүйнөсүндө жашоого тийиш деп далай кайталаган. Дал ушундай сыйкыр дүйнөгө бөбөктөр Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде аралашат, ал жерде 23-ноябрда балдар жана чоң кишилер үчүн сүрөттүн аралаш техникасы боюнча «Сыйкырдуу күз!» деген тематикалык мастер-класс – өз чыгармаларында күздүн сулуулугун даңазалаган акындардын, сүрөтчүлөрдүн, композиторлордун чыгармаларынын дүйнөсүнө виртуалдык саякат болуп өттү. Эске сала кетсек, «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду баштаган «Көркөм өнөрдүн сыйкыры же кош келипсиздер ата-энелер» программасынын алкагында балдар жана чоң кишилер үчүн мастер-класстар ишемби сайын 13-00дө жана 15-00дө Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде өтүп турат.