Ошто чек арага чектеш айылдардын активист аялдары менен бийлик өкүлдөрүнүн баарлашуусу болду
June 5, 2021, 08:363-июнь күнү Ош шаарында “Доор жаңырткан аял лидерлиги аркылуу өлкөнүн өнүгүшү жана тынчтыкты бекемдөө үчүн коомду бириктирүү” аталышындагы диалог өттү. Иш чаранын максаты: узак мөөнөттүү жана туруктуу тынчтыкты камсыздаган натыйжалуу ыкмаларды издеп табууда жаңжалдарды чечүү жолдору боюнча көз караштарын, пикирлерин билдириши үчүн жабыркаган аймактан келген аялдарга аянтча түзүп, алар менен бетме-бет отуруп пикир алышуу. Иш чара диалог форматында өттү. Катышуучулар бир нече топторго бөлүнүп, өз ойлорун ортого салышты. Ар бир топ Баткен облусунан келген активист аялдар жана жергиликтүү кеңештин айым депутатарынан, мамлекеттик бийлик структураларынын өкүлдөрүнөн, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынан турду.
Loading...