logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Олжобай Шакирдин поэзия кечеси чоӊ аншлаг менен өттү

May 24, 2019, 06:00

2019-жылдын 22-май күнү белгилүү акын, жазуучу жана публицист Олжобай Шакирдин «Жүрөк дүк-дүк» аттуу поэзия кечеси А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында чоӊ аншлаг менен болуп өттү. Кече учурунда О.Шакир өзүнүн ырларын көркөм окуп, обондуу ырлардан ырдап берди. Ошондой эле акындын ырларын Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук драма театрынын артистери да окуп беришти. Аталган иш чара өзүнүн өзгөчө көркөмдүгү жана музыкалуулугу менен айырмаланды. Поэзия кечесине КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, КР Жогорку Кенешинин депутаттары, кыргыз маданиятынын, адабиятынын таанымал өкүлдөрү, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акындын чыгармачылыгына кызыккан жаштар, жалпы эле күйөрмандары катышты. Кечени белгилүү акын Алтынбек Исмаилов алып барды.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram