Бишкектин 10 пилоттук турак-жай конушунун үй-бүлөлүк врачтар топтору медициналык жабдууларды жана оргтехниканы алды
May 22, 2019, 06:002019-жылдын 22-майында Көлмө турак-жай конушунда Бишкек шаарынын 10 пилоттук турак-жай конушунун үй-бүлөлүк врачтар топтору (ҮВТ) үчүн медициналык жабдууларды жана оргтехниканы тапшыруу болуп өттү. Ак-Ордо, Ак-Тилек, Ак-Бата, Бакай-Ата, Жеңиш, Калыс-Ордо, Көлмө, Мурас-Ордо, Рухий-Мурас, Эне-Сай турак-жай конуштарынын ҮВТларына ЮНФПА/ЮНИСЕФ/ООН УНПнын жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Бишкек шаарынын турак-жай конуштарында тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» деген биргелешкен долбоорунун алкагында медициналык жабдуулар жана оргтехника өткөрүп берилди. Долбоордун негизги багыттарынын бири турак-жай конуштарынын туруктуу өнүгүшү жана гүлдөп-өсүшү үчүн социалдык оорчулукту төмөндөтүү, тынчтык, ынтымак жана биримдик идеяларын алга илгерилетүү максатында ҮВТларды зарыл жабдуу менен камсыз кылуу аркылуу ҮВТлар берүүчү медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга көмөктөшүү болуп саналат. Ошондой эле бул калктын ден соолугун жакшыртуу үчүн пилоттук турак-жай конуштарында сергек жашоо ыңгайын, социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү боюнча коомдук ден соолук комитеттеринин (КДК) ишин колдоого көмөктөшөт. Медициналык жабдууларды жана оргтехниканы өткөрүп берүү боюнча иш-чарага Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча Вице-мэри Татьяна Кузнецова, ЮНФПАнын КРдагы аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков, Бишкектин саламаттык сактоо департаментинин директору Бактыгүл Исмаилова, ҮВТлардын жетекчилери, 10 пилоттук турак-жай конушунун Коомдук ден соолук комитеттеринин төрагалары катышты. Вице-мэр өз сөзүндө келечекте ушундай долбоорлорду башка турак-жай конуштарында да жигердүү алга илгерилетүү керек деп белгиледи. «Долбоордун иши 10 турак-жай конушунда өтүп жатат – бул көп эмес, бирок аз эмес. Анткени эбегейсиз зор иш жасалды. Коомдук ден соолук комитеттерин (КДК) уюштуруу үчүн ар бир тургунга чейин баруу, аларга туура маалымат берүү зарыл – бул өтө зор эмгек. ҮВТлар жакшы деңгээлде иштеши үчүн көн нерсе төрагага, ал өзүнүн тобунда канчалык мобилдүү иштеп, ишти кандай багыттап жана пландаштыра тургандыгына байланыштуу. Бул долбоор КДКларды алга илгерилетүүгө жардам берет жана бул биздин социалдык ишибиз үчүн абдан зор колдоо. Мен долбоор өз максатына жетти деп ишенем. Бүгүнкү иш-чара ҮВТлардын ишине көмөктөшүү турак-жай конуштарындагы социалдык оорчулуктун алдын алууга жардам берээрин көрсөтүп турат, анткени медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк жана анын сапаты жакшырууда. Мен мэриянын атынан жана өзүмдүн атыман биздин өнөктөргө – ЮНФПАга жана «РОД» ЭКФга зор ыраазычылык билдирем», - деп белгиледи Т.Кузнецова. ЮНФПАнын КРдагы аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков бул долбоор көп кырдуу жана бир нече секторлорду камтыйт, бул саламаттык сактоонун жергиликтүү башкармалыктары жана жаштар менен аткара турган иш деп белгиледи. «Биздин максаттарыбыздын бири жаңы турак-жай конуштарындагы адамдар мэрия, мамлекет жана өкмөт тышта калбаганын сезиши үчүн алардын жашоосун өзгөртүү болду. Чындыгында эле өзгөрүүлөр болуп жатканын, адамдар натыйжалар жөнүндө айтып жатканын көрүү жагымдуу. Медициналык кызмат көрсөтүүлөр маанилүү роль ойнойт, анткени дал медициналык кызматкерлер калк менен иштейт. Өткөрүп берилген жабдуу мыкты медициналык кызмат көрсөтүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз», - деп айтты М.Өмүрзаков. 29-ҮВТнын жетекчиси Шаира Махмудова жана 3-ҮВТнын жетекчиси Акылай Эсенгельдиева саламаттык сактоо багыты боюнча долбоордун ишинин натыйжалары жөнүндө презентация жасады. Алар ҮВТлардын жабдууларга муктаждыгын аныктоо процесси комплекстүү жүргүзүлдү жана ҮВТлардын эң зарыл муктаждыктарын аныктоого мүмкүндүк берди деп белгиледи. 29-ҮВТ локалдык компьютердик тармакты алды, ал ҮВТлардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн электрондук менеджментке өтүшүнө, анын ичинде пациенттердин электрондук кезегин, он-лайн жазууну киргизүүгө, врачтардын ишин жакшыртууга, пациентерди дарылоого жана текшерүүгө көз салууга, медициналык кызматкерлердин ишинин он-лайн мониторингин, он-лайн консультацияларды жана үчүнчү деңгээлдеги адистердин консилиумун өткөрүүгө мүмкүндүк берет. №3 ҮВТнын жетекчиси алынган жабдуу алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртууга жардам берет, жүрөк кан тамыр ооруларынын, кант диабетинин алдын алууну күчөтөт деп белгиледи. ОРВИнин жана дем алуу жолдорунун учурунда физио-процедураларды жүргүзүүгө мүмкүн болуп калат, Тез жардам станциясынын ишин жеңилдетүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Компьютерлер электрондук медицинага өтүүгө мүмкүндүк берет, бул башкаруу тутумдарын санариптештирүү жөнүндө КР Президентинин Жарлыгына байланыштуу өтө маанилүү. Ошондой эле КДКлардын төрагалары артериялык кан басымдын мониторинги жана маалыматтарды ҮВТлардын врачтарына берүү боюнча өздөрүнүн иши жөнүндө айтып берди. Бардыгы болуп 10 турак-жай конушунда КДКлардын 162 мүчөсү иштеп жатат, алар сергек жашоо ыңгайы жана коомдо тынчтыкты жана ынтымакты сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө маалыматтарды таратат. Белгилеп кетүү керек, мурда долбоор боюнча медициналык кызматкерлердин пациенттер менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча ҮВТлардын жетекчилери жана медициналык кызматкерлер үчүн бир катар тренингдер өткөрүлгөн. Коомчулук менен иштөө, КДКнын мүчөлөрүнүн уюштуруу потенциалын жогорулатуу, артериялык кан басымды өлчөө, өлчөнүн маалыматтарын жана калктын артериялык кан басымынын мониторингин берүү үчүн электрондук почтаны жана Гугл дисканы пайдалануу боюнча шаардын 10 пилоттук турак-жай конушунун КДК мүчөлөрү үчүн тренингдер жана коучингдик сессиялар өткөрүлдү. Бул калктын кан басымынын опурталдуу көрсөткүчтөрүн четтетүүгө жардам берет. Долбоордун алкагында 2018-жылдан тартып КР Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте (КР ССМнын 2018-жылдын 19-ноябрындагы №971 көрсөтмөсү менен) кырдаалды талдоо жасалды жана жумушчу топ түзүлдү, медициналык жабдуулардын жана оргтехниканын стандарттуу тизмеси түзүлдү, алар сатып алынды жана пилоттук турак-жай конуштарынын ҮВТларына берилди. Алсак, ҮВТлар үч каналдуу 9 даана электрокардиографты, 9 даана небулайзерди, өпкөнү убактылуу жасалма желдетүү үчүн топтомдун 9 даана АМБУ мүшөгүн, 17 даана глюкометрди, 17 даана пульсоксиметрди, наристелерди таразага тартуу үчүн бой ченегичи бар столго коюлуучу 9 даана электрондук медициналык таразаны, чоң кишилерди таразага тартуу үчүн полго коюлуучу 9 даана электрондук медициналык таразаны, медициналык металл стационардык типтеги 9 даана бой ченегичти, 17 даана кыймылдуу кварцты (нурлантуучуну), 9 даана ооз кеңейткичти, 9 даана тил кармагычты (көп жолу колдонулат), 9 даана кислород жаздыгын, кургак кактоочу 9 даана шкафты, 10 даана компьютерди, 10 даана принтерди (3 амалды жасайт), 11 даана суу ысыткычты, 8 даана жогорку дем алуу жолдорун жана кулактын көңдөйүн ультра-көк стационардык нурланткычты – 4 тубустуу ОФНУну, бөлмөдө температураны сактоо үчүн 56 даана кондиционерди, вакцинаны сактоо үчүн 5 даана медициналык муздаткычты алды. Ак-Ордо турак-жай конушунун №12 медициналык борборунун №29 ҮВТсы 5 даана компьютерди, 4 даана принтерди, гинекологиялык кабинет үчүн жалпы суммасы 36 миң доллар болгон локалдык компьютердик тармакты жана стулдарды алды.