logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Лига «Ынтымактуу конуштар» спартакиаданын жарым финалына чыккан конуштар аныкталды

May 6, 2019, 06:00

2019-жылдын 4-майында Бишкек шаарынын 10 жаңы конушунун арасында өтүп жаткан “Ынтымактуу конуштар” Лигасы аттуу спартакиаданын жарым финалына чыккан конуштардын командалары аныкталды. Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинен тарта өтүп жаткан спартакиадада “Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу, ынтымакты бекемдөө” долбооруна пилоттук болуп кирген Ак-Ордо, Рухий-Мурас, Жеңиш, Көлмө, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо, Ак-Тилек, Бакай-Ата, Эне-Сай, Ак-Бата конуштарынын 18 жаштан жогорку жашоочуларынан түзүлгөн командалар футбол, волейбол боюнча таймашууда. 4-майда Ак-Тилек жаңы конушунда футбол боюнча өткөн оюндардын жыйынтыгында Жеңиш, Ак-Бата, Ак-Тилек, Көлмө жаңы конуштары жарым финалга чыкса, Эне-Сай жаңы конушунда өткөн волейбол боюнча оюнда Бакай-Ата, Ак-Өргө, Жеңиш, Эне-Сай конуштарынын командалары күчтүүлүгүн көрсөтүштү. Бул спартакиаданын өзгөчөлүгү - оюндарга жалаң 18 жаштан жогорку жашоочулар катышып, аялдар менен эркектер чогуу бир команда түзүп ойношкондугунда. Спартакиаданын салтанаттуу жабылышы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 18-майда “Газпром” спорткомплексинде өтөт жана ошол эле күнү конуштардын тургундары аркан тартыш боюнча таймашышат. Бул иш-чаралардын негизги максаты - тынчтыкты, биримдикти бекемдөө, социалдык жана гендердик теңчиликти спорттук мелдештер аркылуу жайылтуу болуп эсептелет. Бул демилге “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду, Бишкек шаарынын мэриясы жана БУУнун үч агенттиги – ЮНФПА (Калкты жайгаштыруу фонду), ЮНИСЕФ (БУУ балдар фондусу), БУУ БКБ (Баңги заттар жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгы) тарабынан биргелешкен долбоордун алкагында өткөрүлүүдө.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram