logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Бишкекте «КР айымдары STEM’де» тармагынын мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү

April 26, 2019, 06:00

25-апрелде И.Раззаков атындагы КМТУда «КР айымдары STEM’де (Women of KR in STEM)» тармагынын мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун максаты – Германияда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүү, университеттин лабораториялары боюнча экскурсия. Өзүнүн саламдашуу сөзүндө «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун координатору А.А. Усупкожоева КРда STEM-билим берүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана масштабдуу дисциплиналар аралык изилдөө долбоорлоруна илимпоз айымдардын катышуусунун зарылчылыгын белгиледи. Жолугушуунун алкагында И.Раззаков атындагы КМТУда ДААД лектору, КМТУдагы ДААД координациялык борборунун жетекчиси Ив Таушвиц «Германиядагы билим берүү: STEM билим берүү жагынан кыздар үчүн стипендиялар жана гранттар» деген темада презентация жасады. Андан соң катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берди. Презентациядан кийин И.Раззаков атындагы КМТУнун лабораториялары боюнча эскурсия өткөрүлдү. «Телематика» багыты боюнча жолугушуунун катышуучулары телематика деген эмне экендиги, телематика рыногу кандай өзгөрөөрү жөнүндө билди, бул багыт боюнча студенттердин иштеп чыгуулары менен таанышты. «Логистика» багыты боюнча И.Раззаков атындагы КМТУнун кызматкерлери бул багыттын башкы максаты, студенттердин өздөрү жасаган макетти пайдалануу менен логистикалык иштин түрлөрү жөнүндө айтып берди, ошондой эле «Жеңил өнөр жайынын буюмдарынын технологиялары» багыты боюнча катышуучулар тигүү буюмдарынын технологиялары менен таанышты. Жолугушууга «КР айымдары STEM’де (Women of KR in STEM)» тармагынын мүчөлөрү, «Growave» IT-компаниясынын өкүлдөрү, Т.Молдо атындагы №71 орто билим берүү интернат мектебинин жогорку класстарынын окуучу кыздары жана С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттери катышты. Жолугушуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram