logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

«Жибек жолу» көргөзмөсүндө Азербайжан өлкөсүнүн маданий күнү болуп өттү

April 25, 2019, 06:00

Бүгүн, 25-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт музейинде жүрүп жаткан “Жибек жолу” көргөзмөсүндө Азербайжан өлкөсүнүн маданий күнү болуп өттү. Иш чара азербайжан элинин улуттук ырлары жана бийлери менен башталды. Андан соӊ Азербайжан жөнүндөгү видеоролик көрсөтүлдү. Интерактивдик аймакта күн бою мастер-класстар, оюндар жана пазлдар менен ар кандай сүрөттөрдү кураштыруу уюштурулду. Ал эми Боз үйдө азербайжан элинин жомокторунан белгилүү балдар жазуучусу Жылдыз Акаева балдарга окуп берди. Кинозалда болсо көрүүчүлөргө мультфильмдер жана “Асиф, Васиф жана Агасиф” фильми тартууланды.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram