logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

«Жибек жолу» Көргөзмөсүндө Түркмөнстан күнү болуп өттү

April 17, 2019, 06:00

Бүгүн, 17-апрелде Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт Музейинде өтүп жаткан «Жибек жолу» интерактивдик Көргөзмөсүндө Түркмөнстан күнү болуп өттү.   Иш чара түркмөн элинин ырлары жана бийлери менен башталды. Андан соӊ Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук Фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева Түркмөнстандын башкы бренди акалтекин тукумундагы жылкылар, экинчиси көз жоосун алган кооз килемдери жана зергер буюмдары экенин атап, балдарды бул мамлекеттин маданияты жана тарыхы менен кенен таанышууга чакырды. Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Ыйгарым Укуктуу Элчиси Шадурды Мередов Көргөзмөнүн идеясынын мыктылыгына токтолуп, аталган иш чараны демилгелеп, уюштуруп жаткан Роза Отунбаевага жана ал негиздеген Фондго терең ыраазычылыгын билдирди.   Көргөзмөдө күн бою мастер-класстар, «Оюн группы» тобу тарабынан ар кандай оюндар көрүүчүлөргө арналып турду. Ошондой эле кинозалда түркмөн адабиятынын классиги, философ, акын Махтумкулиге арналган «Махтумкули» киносу, экология, ак илбирсти коргоо темасындагы видеороликтер көрсөтүлдү. Анын соңунда көрүүчүлөр Кыргыз Республикасынын гимнин жаңырта ырдап жиберишти.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram