Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Кыз-келиндер илимде жана техникада» аталышындагы жолугушуу болду
March 20, 2019, 06:00Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында “Кыз-келиндер илимде жана техникада” аталышындагы университеттин табигый илимдер факультетинин студенттери, окумуштуулары, мугалимдери менен жолугушуу болду. Жолугушууда “STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу” долбоорунун координатору, Кыргыз-Герман Техникалык Институтунун директору, Усупкожоева Анипа, долбоор тууралуу жана долбоордун максатын кенен тааныштырды. “Бул долбоордун максаты айымдарга багытталган. Алардын табигый так илимдер, инженерия, математика жана технология багытындагы, деги эле билимин жогорулатууну көздөйт. Учурда Кыргызстандын айылдарында 17-18 жаштагы жаш, эч нерсени биле элек кыздар эрте турмуш куруп, бала төрөп жатканы, ал балдардын келечеги ойлондура турган маселе. Себеби аялдардын билимдүүлүгү бүтүндөй коомдун билимдүүлүгү экендиги жана билимдүү аял, билимдүү, тарбиялуу баланы өстүрүп коомго кошоору анык.”- деп долбоордун координатору Усупкожоева Анипа өз сөзүндө белгилеп өттү. Ошону менен бирге ал илим жана техника өнүкпөгөн мамлекетте экономикалык өнүгүү болбостугун, өнүккөн өлкөлөр SТЕМге абдан маани беришерин кошумчалады. Бул иш-чарага сыйлуу конок катары химия илимдеринин доктору, профессор, Эл аралык инженердик академиясынын жана КРдин Инженердик академиясынын академиги Баткибекова Минира да катышып, айымдарга билимдин пайдалуулугу жөнүндө өз пикирин билдирип, студенттердин суроолоруна жооп берди. Ал өз сөзүндө “21-кылымда приоритеттердин бири – билим. Коомду өнүктүрүүдө билим эң маанилүү, өзгөчө кыздардын билимдүүлүгү. Кайсы гана коомдо болбосун аялдардын билимин жогорулатуу биринчи орунда турушу керек. ”- деп кыздарды билим алууга чакырды. Ошону менен бирге ал билимдин жанында тарбия да чогуу болушу керек экендигин жана тарбияны балага эне берээрин кошумчалады. Бул иш-чарада “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “50+ адамдар үчүн мобилдүү технологиялар” добоору жөнүндө ал долбоордун координатору Кабылбаева Назгул маалымат берип, студенттерди волонтерлукка чакырып өттү. Жолугушунун аягында иш-чаранын уюштуруучулары калоочу студенттер менен биргеликте эстеликке сүрөткө түшүштү.