logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Отунбаева: жалаң эркектерди дайындаган өкмөт башчыга нааразыбыз (видео)

March 6, 2019, 06:00

Кыргызстанда жетектөөчү кызматтарга аялдар дайындалбай жатат. Мындай сын 6-мартта Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда өткөн форумда айтылды. Экс-президент Роза Отунбаева көп учурда Кыргызстандын жүзүп көрсөтүп, желегин аялдар көтөрүп жатканын белгиледи:   - Аймактык диалогдо кара түндөй болуп отурган эркектерди көрүп чочуп да кеттик. Эркек парламент келген учурда да мындай эмес эле. Форумга премьер-министр келсе анын көзүнө да айтат элем. Буйруктун, дайындоонун баары премьердин колунда. Ушундай позицияларга жалаң эркектерди дайындайт. Биз, аялдар абдан нааразыбыз.     ​   Аялдар маселесине арналган форумга чакырылган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, эркек депутаттар келген жок. Эл өкүлү Аида Касымалиева бул аялдардын маселесине эркектердин көңүл кош мамилесинин далили катары баалады.   Форумда айылдык кенештерде 30% мандатты аялдар үчүн камсыз кылуу боюнча мыйзам долбоору талкууланды. Ага экс-президент Роза Отунбаева, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, ЖК жана айылдык кеңештин аял депутаттарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.   Ушул тапта жергиликтүү кеңештеги депутаттардын 11% аял, парламентте 15%, өкмөттө 12,5% түзөт. https://www.azattyk.org

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram