logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Бишкекте журналисттер үчүн «Азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун маселелерин ЖМКда кесипкөй чагылдыруу» темасына тренинг өттү

March 1, 2019, 06:00

2019-жылдын 28-февралында борбордогу отелдердин биринде журналисттер үчүн «Азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун маселелерин ЖМКда кесипкөй чагылдыруу» темасына тренинг өттү. Окутууну «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду БУУнун Кыргыз Республикасындагы Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (БУУ ФАО) колдоосу менен уюштурду. Тренингдин негизги милдети азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу темасын чагылдырууда ЖМКнын кызматкерлеринин кесиптик өсүшүнө көмөктөшүүдө турду. Баарынан тышкары, бул семинар азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча ЖМКнын өкүлдөрү жана адистер үчүн дискуссиялык аянтча болду, ал жерде кесиптештер кызыктырган суроолорду бийлик органдарына берди жана талаш маселелерди эксперттер менен тактады. Иш-чарага Кыргызстандын бардык алдыңкы ЖМКларынын өкүлдөрү, анын ичинде региондук журналисттер катышты. Иш-чаранын ачылышында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору Догдургуль Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев жана БУУ ФАОнун долбоорунун координатору Марлен Тыналиев саламдашуу менен сөз сүйлөдү. Өз сөздөрүндө алар азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун маселелерин журналисттер кесипкөй чагылдырышынын маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун өзгөчө белгиледи. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун темасын чагылдыруунун актуалдуулугу жөнүндө, экономикалык, социалдык жана билим берүүчү аспекттер жөнүндө, материалдарды даярдоо учурунда ачык маалыматтар менен иштөөнүн принциптери жөнүндө көп маалымат алды.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram