КР экс-Президенти Р.Отунбаева студенттер менен жолукту
February 28, 2019, 06:00Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин студенттери менен жолугушту. Аталган иш чара окуу жайдагы “Билге” студенттик уюму тарабынан уюштурулган. Жолугушууга окуу жайдын студенттери жана профессордук-окутуучулук жамааты катышты. Р.Отунбаева Армения мамлекетиндеги билим берүүдөгү инновациялык ыкмалар жана тажырыйбалар жөнүндө токтолду. Тактап айтсак, Армениянын ар бир мектебинде баланы Өз өлкөңдү өнүктүрүү үчүн билим алгыла деген идеология менен окутаарын, бул өлкө азыркы учурда өнүккөн 10 мамлекеттин катарына кирүүгө аракет кылып жатканын айтып өттү. Ошону менен бирге “инновация деген өтө маанилүү сөз. Бул сөз биздин турмушубузга кириши керек, жаштарды эски имаратта окута албайсың, жаңы дизайн, жаңы архитектура зарыл, жаштар билим алып жаткан жерде өзун эркин сезиши керек” деди Р.Отунбаева. Өзүнун сөзүндө Р.Отунбаева өлкөбүздөгү санариптештирүүгө байланышкан маселелерди да ортого салды. “Санарип деген турмушту жеңилдетет. Санариптештирүү бул биз каалайбызбы каалабайбызбыал биздин турмушубузга кириши керек” деди өз сөзүндө КР экс-Президенти. Кыргызстанда элдин 5% эле онлайн төлөмдү колдонушаарын жана онлайн төлөмдү өлкөбузгө жайылтуу керектигин жана накталай төлөө менен жашоону улантуу бул экономиканы артка тартаарын баса белгиледи.Иш чара учурунда Р.Отунбаева ошондой эле өлкөбүздөгү музейлердин акыбалына да кенен токтолду. М.В. Фрунзе атындагы музейди этнографиялык музей кылып көзгөртүү керектигин, маданиятты көтөрүүнүн эң негизги жолу бул – музей экендигин баса белгиледи. Анткени “чет мамлекеттен келген турист эң алгач музей издейт. Музей бул маданияттын, илимдин жана билимдин иши. Кыргызстан айыл-чарбанын мекени, бирок жүн, пахта сыяктуу тармактар тууралуу маалымат берген музей жок. Музейлерди ачуу тарыхчылардын парзы” деп тарыхчыларга өз сунушун билдирди. Өзүнүн сөзуңүн соңунда Роза Исаковна жаштарды глобалдуу ойлонууга чакрып, төмөндөгү пикирлерин айтып өттү:Тил бул эң маанилүү инструмент. англис тилин бүгүнтөн баштап үйрөнгүлө, ал тилде дүйнө жүзү сүйлөйт, күнүнө 50 сөздөн жаттагыла, китеп окугула, ырларды уккула деп айтты. Андан соң “Роза Отунбаеванын Демилгеси” Эл аралык Коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева Арменияга болгон сапары тууралуу, ал жактагы “Идея” уюмунун ишмердүүлүгү жана Армения мамлекетинин билим берүү системасынын өзгөчөлүгү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле аталган Фонддун кызматкери Кабылбаева Назгул “Санариптүү тейлөө программасынын алкагында ЭЛСОМду колдонуу” жөнүндө студенттерге түшүндүрмө берип өттү. Жоолугушуунун соңунда студенттер Роза Исаковнага келип акыл-насаат, кеп-кеңештери менен бөлүшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, ага чакан белегин тапшырышты.