logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

STEM - 2019 кышкы мектебинин ачылышы болуп өттү

January 30, 2019, 06:00

29-январда И.Раззаков атындагы КМТУда STEM кышкы мектебинин ачылышы болуп өттү. Ачылышта ФРГнын КРдагы Элчиси М.Иверсен, И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору М.Ж. Джаманбаев, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору Д.Кендирбаева, КРдагы ДААД маалымат борборунун аткаруучу директору К.Тевс, КГТИнин директору А.А. Усупкожоева саламдашуу менен сөз сүйлөдү. Сөз сүйлөгөндөр техникалык багыттар боюнча окутуунун келечектери жөнүндө, ошондой эле Кыргыз-Герман техникалык институту (КГТИ) берип жаткан окутуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди.   Студенттер меймандарды концерттик номерлер менен кубандырды, ал эми окутуучулар окуучу кыздар жана алардын ата-энелери, мектептердин мугалимдери жана жетекчилери үчүн КГТИнин окуу лабораториялары боюнча экскурсияларды өткөрдү. Бул күнү КГТИнин бардык багыттары боюнча көргөзмө-презентациялар, мастер класстар иштеди.   Эске сала кетели, STEM кышкы мектебин өткөрүүнүн максаты инженердик адистиктерге алда канча көп сандагы окуучу кыздарды тартуу болуп саналат. Быйылкы жылы «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Герман академиялык алмашуу кызматынын (ДААД) жана ФРГнын КРдагы Элчилигинин колдоосу аркасында КГТИ менен бирдикте «STEM’деги кыз-келиндердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында STEM кышкы мектебин өткөрөт.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram