«50+ адамдар үчүн мобилдүү технологиялар» демилгесинин алкагында 12 машыктыруучу үчүн тренинг өттү
January 8, 2019, 06:002018-жылдын декабрында 50+ курактагы адамдар үчүн санариптик технологияларды башкаруу жөндөмдөрүн калыптандыруу боюнча «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын жаңы демилгеси старт алды. Бул демилгенин максаты – «50+» категориясындагы адамдарды смартфондор менен иштөөгө, дүйнөлүк тармакты өздөштүрүүгө, интернетте баарлашуу жөндөмдөрүнө ээ болууга, ошондой эле коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес операцияларды жүргүзүү жана башка операцияларды жүргүзүү үчүн мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууга окутуу. 18-20-декабрда «50+ адамдар үчүн мобилдүү технологиялар» демилгесинин алкагында Бишкек шаарынын турак-жай конуштарынын коомдук турмушуна активдүү катышуучулардын жана Ысык-Көл областынын Тосор айылынын жана Оргочор айылынын айылдык маалымат борборлорунун координаторлорунун ичинен 12 машыктыруучу үчүн тренинг өттү. Тренингдин биринчи күнүн Кыргызстандын экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева ачты, ал санариптик технологияларды колдонууда билимдердин маанилүүлүгүн белгиледи жана азыркы дүйнөдө санариптик технологиялардын ролу жагынан өз пикирин бөлүштү. KICB’нын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бектур Алиев өз сөзүндө ушул демилгенин маанилүүлүгүн белгиледи жана санариптик технологиялардын доорунда жөндөмдөргө ээ болуу жагынан өз пикирин бөлүштү. Андан соң дүйнөдө IT- технологиялардын өнүгүшү жөнүндө, 50+ курактагы адамдардын өзгөчөлүктөрү жана окутуудагы ыкмалар жөнүндө, маалыматты тандоодо сын көз менен ой жүгүртүү, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө боюнча накталай эмес операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн Элсом капчыгын пайдалануу жөнүндө презентация өттү. Экинчи күнү катышуучулар интернет мейкиндигиндеги медиа сабаттуулук жагынан жөндөмдөргө ээ болду, дүйнөлүк тармакта маалыматты таратуунун жоопкерчилиги жөнүндө, ошондой эле ЖМК жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тууралуу билимдерди алды. Тренингди Медиа Полиси Институту өткөрдү. Ошондой эле катышуучулар смартфон эмнеден тураары, анын функциялары, социалдык тармактардын түрлөрү жөнүндө, ошондой эле электрондук катты жазуунун этикети, Гуглдын функциялары жана маалыматты сунуш кылуунун методдору жөнүндө көбүрөөк маалыматты билди. Тренингдин үчүнчү күнү алынган билимдерди өтүү практикасына арналды. Угуучулар смартфондорду пайдаланууга, социалдык тармактардын тиркемелерин жазып алууга жана алар аркылуу баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө окутуу боюнча сынак сабактарды өткөрдү. Тренингдин жыйынтыктары боюнча тренингдин катышуучулары турак-жай конуштарынын тургундарын мобилдүү технологияларга окутууга даяр экенин билдирди.