№44 жалпы билим берүүчү орто мектепте окуучулар үчүн эко-тарбиялоо боюнча билим кербени
November 22, 2018, 06:0022-ноябрда № 44 жалпы билим берүүчү орто мектепте кезектеги «Экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени» өттү, ал жерде эко-долбоордун өкүлдөрү 7-класстардын 80 окуучусу менен жолугушту жана алар үчүн интерактивдүү лекция-презентацияны өткөрүп, алар менен экология темасына дискуссия кылды. Кербендин жүрүшүндө балдар «адам туулуп-өскөн жерине кандай зыян алып келет», «пластик, таштанды жана булганган аба ден соолукка жана курчап турган чөйрөгө кандай өлчөмдө зыяндуу» жана эң башкысы «биз курчап турган чөйрөгө кандай түрдө жардам бере алабыз» деген сыяктуу суроолорго жоопторду алды. Лекциядан кийин мектеп окуучулары 4 командага бөлүндү жана теңтуштарына курчап турган чөйрөнү сактоо боюнча өз идеяларын сунуш кылды. Кербен аяктагандан кийин катышуучулар уюштуруучулар менен өз пикирлерин бөлүштү: «Мен № 44 орто жалпы билим берүүчү мектепте эки жылдан бери иштеп жатам. 6 жана 7-класстардын окуучуларына географияны өтөм. Мага бул акция абдан жагып калды. Аны мектеп окуучулары үчүн пайдалуу деп эсептейм. Атап айтканда, балдарга көрсөтүлгөн видео-роликтер аларга абдан таасир калтырды. Силер көптөгөн жакшы иш-чараларды өткөрүп жатасыңар. Мен «Климаттык кутуча» окуу куралын пайдалануу боюнча силердин тренингиңерге катыштым. Көптөгөн жаңы нерселерди билдим жана силер тренингде тараткан материалды жакынкы учурда пайдаланууга ниеттенип жатам», – география мугалими Сезим Алтынбековна. «Бизге «Климаттык кутуча» программасы келди. Мен алар бизге берген билимдер үчүн ушул программага өтө ыраазычылык билдирем. Алар бизге жаратылышыбызды сактоо, ыпыр-сыпырлар менен булгабоо, энергияны, сууну жана башкаларды сактоо керек, антпесе 2030-жылга карата биз ачарчылыкка кабылышыбыз мүмкүн деп айтышты. Билим кербенине ыракмат!», – Исрапилов Исхан, 7 "Б" класстын окуучусу. Кербендин аягында уюштуруучулар катышып жаткан класстарга «Жаш бишкектиктин эрежелери» эко-тарбиялоо плакаттарын, ар жылдагы Билим фестивалынын алкагында чыгарылган Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарынын каталогун, ошондой эле жаратылышка аяр мамиле темасына видео-роликтердин комплектин белекке берди. «Эко-тарбиялоо боюнча билим кербени» экологиялык акциясы «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» экологиялык долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте уюштурулду. Бул акция 2015-жылдан бери борбордун мектептеринде өткөрүлүп келаткан «Билим кербени: Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн табигый илимдердин көчмө өнөрканасы» акциясынын уландысы болуп саналат жана мектеп окуучуларынын экологиялык жактан тарбиялуу болушун арттырууга, аларда учурдагы экологиялык көйгөйлөрдү түшүнүүнү жана жаратылышты сактоо үчүн жоопкерчилик сезимин иштеп чыгууга, жаратылышты коргоо ишине алардын жигердүү катышуусуна багытталган. Эко-долбоордун акцияларды жөнүндө кең-кесири: http://roza.kg/initiative/investing-in-next-generation/eco-project/