Пост-релиз «Ыймандай сыр» поэзия кечеси болуп өттү
October 22, 2018, 06:002018-жылдын 19-октябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында таанымал акын, журналист КР Жогорку Сотунун Конституциялык Палатасынын судьясы Жедигер Саалаевдин “Ыймандай сыр” аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Иш чара учурунда акын Ж.Саалаев поэзия күйөрмандарына өзүнүн Мекен, атуулдук жана философиялык темалардагы “Жайлоо жана ыр”,”Мен-кыргызмын”, “Алтын күз”, “Бейит башындагы ыймандай сыр”, “Биз дүйнөгө эмне үчүн келебиз” сыяктуу бир канча ырларын өзү окуп берди. Акындын ырларын белгилүү акындар К.Урмамбетов, Баяс Турал, Ж.Исабаева, З.Ажыматов, Н.Калыбековдор да окуп беришти. Ошондой эле кече учурунда акын Ж.Саалаевдин сөзүнө жазылган А.Өзүбековдун “Көктөм ыры”, “Телефон ыр”, Качкын Абдыкадыровдун “Эллегия”, И.Аманбаевдин “Кызыл жоолук жалжалым”, Р.Аманованын “Үй-бүлөлүк терме” ырлары жаңырды. “Ыймандай сыр” поэзия кечеси аншлаг менен өттү. Иш-чараны акын Мирлан Самыйкожо алып барды.