«Жолдогу сентябрь» поэзия кечеси болуп өттү
October 1, 2018, 06:002018-жылдын 28-сентябрь күнү «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Т.Сатылганов атныдагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акын кыздар Нарсулуу Гургубаева менен Нуриза Өмүрбаеванын чыгармачылыгына арналган “Жолдогу сентябрь” поэзия кечесин өткөрдү. Азыркы учурда Москвада жашап, эмгектенген акын кыздар Н.Гургубаева жана Н.Өмүрбаева поэзия сүйүүчүлөргө өздөрүнүн Ата журт, өмүр, сүйүү , миграция темасындагы ырларынан окуп беришти. Н.Гургубаеванын “Күлкүгө суз, күйүткө суз, жашка суз, Күн өткөргөн сенсиз, ансыз, башкасыз Жашап келем жашап болбос калаада Кол чатырсыз, үй дарексиз, акчасыз “ деген миграция темасындагы ырлары көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн бөтөнчө түнөк таап, дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду. Н.Өмүрбаеванын болсо “Жаратчудай бир шедевр бул түндө Жалгыз адам мен бул үйдө жата элек Сирень ачкан терезенин түбүндө Сиңдим уктайт сүйүү даамын тата элек” деген лирикасы көрүүчүлөргө таасир калтырып, ыр тарыхына карата кызыктырган суроолорду жаратты. Акындар көрүүчүлөр тарабынан кат жүзүндө берилген бир канча суроолорго жооп берүү менен өздөрүнун чыгармачыл дүйнөсүн дагы бир ирет ачып бергендей болушту. Кече соңунда Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.Отунбаева сөз сүйлөп, акын кыздардын бул поэзия кечеси башкача өткөнүн жана алардын ырларынын муңдуу жана сагынычтуу кайрыктарга толуп турганын белгиледи. КР Жогорку Кеңешинин депутаты К.Иманалиев болсо өз сөзүндө акын кыздардын ыр дүйнөсүнө байсалдуу жол каалады. Кечени белгилүү акын Мирлан Самыйкожо алып барды.