logo
  • Кырг
  • Рус
  • Eng
  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Пресс-центр

  • Жаңылыктар
  • Пресс-релиздер
  • Анонстор жана жарыялар
  • Чыгыш сөздөр жана докладдар
  • Сүрөт галереясы
  • Видео
  • Подкасттар
  • Башкы бет >
  • Пресс-центр >
  • Сүрөт галереясы

Сүйүнчү! Сүйүнчү!

August 23, 2018, 06:00

Балдар үчүн Жаңы окуу жылына карата “Роза Отунбаевнын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан “Биз мектепке барабыз” аттуу түрмөгүнүн алкагында биринчи жолу окуучулар жана ата-энелер үчүн төмөндөгү китептер жарык көрдү. “Мектепке даярдык”Автору: Догдургүл Кендирбаева Сүрөтчүсү: Бек Жайчыбеков Бул китеп мектепке бара турган балдарды психологиялык жактан даяр¬доого багытталган. Китепте ар дайым ата-энесинин гана айланасында жүргөн балдардын биринчи өз алдынча мектепке баруу кадамы, өзүнүн кыймыл-ара¬кети үчүн жоопкерчиликти жана коомдо өзүн алып жүрүүнүн алгачкы бил¬гичтиктерин жана көндүмдөрүн калыптандыруу жөнүндө жөнөкөй тил менен жеткиликтүү маалыматтар берилет. Баасы 80 сом.   “Башталгыч мектепке саякат”Автору: Догдургүл Кендирбаева Сүрөтчүсү: Бек Жайчыбеков Бул китеп мектепке жаңы барып жаткан окуучуларга мектептеги эрежелер, шарт¬тар тууралуу маалымат берүүгө жана алардын коомчулукта өзүн-өзү алып жүрүү боюнча алгачкы көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган. Китеп жөнөкөй жана жеткиликтүү тил менен жазылды. Анда¬гы маалыматтар өнүктүрүүчүлүк мүнөздө болуп, ата-энелер жана мугалимдер кошумча кырдаалдарды ойлоп таап, өз алдынча иш¬теп чыгууга да мүмкүнчүлүк берет. Биз балдарыбыздын түрдүү кырдаалдардан чыгуу жана шарт¬ка ылайыкташа билүү компетенттүүлүгүн канчалык эрте калып¬тандырсак, ошончолук турмушта өз алдынчалыкка жана жооп¬керчиликтүү болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Китептеги маалыматтар баланын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык¬ташкан жана жамааттагы анын ролун аныктоого, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн калыптандырууга максатын коёт. Китептин башкы максаты окуучунун жеке жоопкерчилигин эртелеп калыптандыруу. Баасы 170 сом. “Ынтымак сыры”Автору: Догдургүл Кендирбаева Сүрөтчүсү: Бек Жайчыбеков Китепте өлкөбүздө жашаган көп улуттуу элдердин ортосундагы достук мамиленин маанилүүлүгү чагылдырылган. Балдар бири-бирине, жаратылышка аяр жана камкор мамиле кылганда гана жакшы маанай өкүм сүрүп, жашоо көңүлдүү, кызыктуу улана тургандыгын баяндайт. Аталган китеп ынтымак болбосо ырыс жок экендигин баса көрсөтүп, ата-энелерди, балдарды ынтымакка, бири-бирин сыйлоого, урматтоого чакырат. Баасы 170 сом.

Loading...
logo

меню

  • Фонд
  • Пресс-центр
  • Демилгелер
  • Китептер
  • Өнөктөштүк

Байланышуу маалыматы

  • Телефон: +(996) 312 660 382
  • E-mail: office@roza.kg

Биз соц тармактардабыз

  • Twitter
  • Facebook
  • Youtube
  • Instagram