«Мекендештер-2018» форуму дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген мигранттарды Чолпон-Атада чогултат
July 24, 2018, 06:00Чолпон-Атадагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда 8-августтан 9-августка чейин ар жылдагы «Мекендештер-2018» форуму өтөт. Алдыдагы иш-чарадан күткөн үмүт-тилектери жөнүндө анын уюштуруучулары Бишкектеги пресс-конференцияда айтып берди. Программа жөнүндө маалымдоо алдында брифингдин уюштуруучулары жана катышуучулары «Азаттык» радиосунун курман болгон журналисти Улан Эгизбаевди бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерди. Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов алдыдагы окуянын маанилүүлүгү жөнүндө айтып, форум эмгек миграциясында жүргөн Кыргызстандын жарандары үчүн кайталангыс аянтча болуп калат деп белгиледи. «Бул аянтчада алар өзүнүн жүрөгүн өйүгөн нерселерди жана көйгөйлөрдү мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдар менен бөлүшө алат. Форумдун жыйынтыктары боюнча биз эң ийгиликтүү жана иштиктүү сунуштарды тандап алабыз жана, иштелип чыккан чечимдерге ылайык, биз андан аркы позицияны аныктай алабыз», - деп айтты Токтоболотов. Ал бардыгын ушул форумга жигердүү катышууга чакырды жана ал мурдагылар сыяктуу эле кыйла кызыктуу өтөт деген ишеничин билдирди. «20 чамалуу өлкөдөн өкүлдөр келет жана мигранттар тигил же бул өлкөдө кандай көйгөйлөргө кабылып жатканын айтып бере алат. Бизге эмгек мигранттарынын ар бир добушу, ар бир пикири өтө кызыктуу. Ар биринин айтканын иштеп чыгабыз жана угабыз», - деп ишендирди Токтоболотов. Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Алмаз Букалаев өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен журналисттердин алдында сөз сүйлөп, ушул форумду мамлекеттин тышкы саясий органы колдой тургандыгы жөнүндө билдирди. «Биз дайыма форумду өткөрүүгө, уюштурууга жана анын өзүнө түздөн-түз катышабыз. Биз ушул форумду даңазалоого, ал аркылуу катышуучуларды тартууга иш жүзүндө чет өлкөлөрдөгү бардык мекемелерибизди тарттык. Форумга ошондой эле Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн башчылары келет. Биз Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону ишке ашыруунун алкагында бүгүнкү күндө жүргүзүп жаткан иш боюнча соңку маалыматтарды бөлүшөбүз», - деп кошумчалады ал. Форумду башкы уюштуруучунун атынан «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун директору Догдуркуль Кендирбаева быйылкы жылы негизги басым өлкөнүн региондорун өнүктүрүүгө чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын салымына жасалат деп айтты. «Кыз-келиндер миграциясына тиешелүү маселелерди талкуулоо дагы бир багыт болуп калат. Белгилүү болгондой, Кыргызстандан чыккан эмгек мигранттарынын 40%ын кыз-келиндер түзөт. Алардын арасында айрым ийгиликтерге жетишкендери бар жана алар форумга катышуу менен ушулар жөнүндө айтып берет», -деп кошумчалады Кендирбаева. Форумдун координатору Алена Муховикова быйылкы жылы программа иш-чараларга кыйла бай деп белгиледи. Ал бир катар пленардык жыйналыштардан жана секциялык дискуссиялардан турат, бул пикирлерди кеңири камтуу үчүн максималдуу шарттарды түзөт, ошондой эле катышуучулардын ар бирине кызыктырган маселелер боюнча пикирин айтууга мүмкүндүк берет. «Ушул секциялык дискуссиялардын натыйжасында кийинки 2020-жылдагы форум боюнча эки жылдык план иштелип чыгат, анын сунуштамалары Кыргызстандын Өкмөтүнө, Жогорку Кеңешке жана өкмөттүк эмес уюмдарга жөнөтүлөт деп күтүп жатабыз», - деп оюн бөлүштү Муховикова. Мындан тышкары, анын маалыматтары боюнча, форум кеңири маданий программаны жана экскурсиялык кыдырууларды камтыйт. Белгиленген иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл болгон локациялар жана логистика ойлонулуп бүттү, деп ишендиришти уюштуруучулар. Маалымат: «Мекендештер» форуму – чет өлкөлөрдө жашап жаткан мекендештердин, кыргызстандыктардын бирикмелеринин, диаспораларынын иштиктүү диалогу үчүн заманбап аянтча. Ал Швейцариялык эл аралык кызматташтык боюнча бюросунун грантынын алкагында КРдагы Миграция эл аралык уюмунун колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан 2012-жылдан бери эки жылдык мезгилдүүлүк менен өткөрүлүп келатат.