Жалал-Абад областында биологиялык ар түрдүүлүккө, экологиялык көйгөйлөргө жана курчап турган чөйрөгө арналган эки күндүк тренинг өттү
June 29, 2018, 06:002018-жылдын 22-23-июнунда Жалал-Абад областында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Жалал-Абад областынын биологиялык ар түрдүүлүгү, экологиялык көйгөйлөрү жана курчап турган чөйрөсү» темасына эки күндүк тренингди өткөрдү. Иш-чара «Жайлоодогу экологиялык лагерь» долбоорунун алкагында Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун финансылык колдоосу менен өттү. Семинарга Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун жетекчилеринин, тарбиячыларынын, уюштуруучуларынын ичинен 40тан ашык катышуучу, ошондой эле Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун билим берүү чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты. Тренингдин максаты – курчап турган чөйрөнү сактоо боюнча балдарда билимдерди, иш билгиликти жана жөндөмдөрдү калыптандыруу үчүн мугалимдердин, ата-энелердин жана МБУлардын тарбиячыларынын, жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун, экология жана STEM боюнча лагерлердин потенциалын күчөтүү. Семинардын материалдары теориялык, ошондой эле практикалык бөлүктү камтыды. Окутуунун милдети – тарбиялоонун жана окутуунун жаңы методикаларын пайдалануу менен тарбиячылардын потенциалын күчөтүү, ошондой эле «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунда» жана балдар бакчаларында балдарды окутуу процессинде практикалык колдонуу үчүн билимдерди жана жөндөмдөрдү жакшыртуу. Тренинг күндүзү гана эмес, ошондой эле түнкүсүн өткөрүлдү: дал ушул мезгилде телескопторду пайдалануу жана айды жакшылап көрүү, топ жылдыздарды жана планеталарды издөө боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. Экинчи күнү тренинг аяктагандан кийин катышуучуларды Кызыл-Үңкүр айылындагы Жайлоодогу экологиялык лагердин расмий ачылышына алып барышты. Маалымат үчүн: «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ «Кыргызстандын түштүгүндө жаңгак-мөмө токойлорун жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү жамааттарды тартуу менен биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана кедейликти кыскартуу» глобалдык долбоорунун алкагында, GIZ’дин финансылык колдоосу менен «Жайлоодогу экологиялык лагерь» долбоорунун алкагында Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында жайлоодогу 2 экологиялык лагерди ачты. Долбоордун өзү жайлоодо STEM’ди пайдалануу менен 2 экологиялык лагерди түзүү аркылуу курчап турган чөйрөнү сактоо боюнча балдарда билимдерди, иш билгиликти жана жөндөмдөрдү калыптандырууга багытталган (практикалык эксперименттер). Бул долбоордун алкагында “Кең-Кол” Жайлоодогу өнүктүрүү борбору 2 металл боз үй, окутуучу материалдар, анын ичинде 3 телескоп, 2 микроскоп жана дүрбү менен камсыз кылынды. Мындан тышкары, ушул экологиялык лагерлерде жай бою мастер-класстар өткөрүлүп турат.