Ысык-Көлдүн жээгинде «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун алкагында республикалык конференция болуп өттү
June 1, 2018, 06:00Ысык-Көлдүн жээгинде “Резиденция №2” мамлекеттик резиденциясында 2018-жылдын 29-30-майында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун алкагында өтүлгөн Республикалык конференция ишин аяктады. Иш-чараны Кыргызстандагы Ага Хан Фонду, Улуу Британиянын Бишкектеги Элчилигинин (DFID) колдоосу менен«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөздү. Иш-чарагаКыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Отунбаева, КР Өкмөтүнүн региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, областтык методикалык билим берүү борборлорунун өкүлдөрү, Ага Хан Фондунун өкүлдөрү, жогорку окуу жайларынын, мектепке чейинки балдар мекемелеринин, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, республиканын бардык булуң-бурчтарынан жайлоодогу өнүгүү борборлорунунун уюштуруучулары, айылдык округдардын башчылары, балдар журналдарынын редакторлору, балдар бакчаларынын башчылары, педагогдор, жайыт комитеттеринин өкүлдөрү жана башка билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Бардыгы болуп жолугушууга 200дөн ашуун адам катышты. Биринчиден болуп «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун координатору Сагынтай уулу Арстанбек долбоордун ийгиликтери, демилгелери, тажрыйбасы, жетишкендиктери жана келечектери жөнүндө айтып берди. Андан соң Кыргыз билим берүү академиясынын Вице президенти Алмаз Токтомамбетов “Эрте жашта өнүктүрүү эмне үчүн мынчалык маанилүү” темасында презентация жасады. Мындан кийинки темалар экиге бөлүндү. Биринчиси Медиялык панель деп аталып, ал 4 презентацияны камтыды. “Баласатан” интерактивдик журналы, “Акылтай” журналы, Ага Хандын “Бирге окуйбуз” долбоору жана “Кыргызстандын алыскы райондорундагы жаш балдарга сапаттуу билим берүү жана окуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу” темасында презентация. 2-бөлүк экология маселесине арналып, ал беш презентациядан турду: “Талаа шартындагы жайкы лагерлерде билим берүү” темасында Россия мамлекетинини, Томск шаарынан скайп байланышуу аркылуу Сергей Медведчиков айтып берди. Кийинки “Экологиялык билим, граждандык илим” (Сууну изилдөө, Климат, Фенология) темасында Camp Ala Too уюумунун адиси Алия Ибраимова айтып берди. “Балдарга эксперименттер аркылуу экологиялык тарбия берүү” жана “Эртек курактагы балдарга экологиялык тарбиянын мааниси темасындагы презентацияларды “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун адистери Агайдарова Аэлита менен Данияр Сүйүндүк уулу жасашты. Бул панелдин акырында “Эрте курактагы балдардын чыгармачылыгын кошумча билим берүү аркылуу өнүктүрүү” темасында Дария Мусина “Балажан” борборунун башчысы презентация кылды. Түштөн кийин катышуучулар төрт 4 секцияга бөлүнүп, ар бир секцияда эки тренер ар кайсы темада окутуу иштерин жүргүзүштү. Иш-чаранын экинчи күнү 4 секцияда улантылып, ар бир секцияга “Жайлоо өнүгүү борборлорунун” ийгиликтүү жагын, кемчиликтерин, тажрыйбалары, туруктуулугу, ресурстарды табуу деген суроолор талкууга берилди. Жыйындын акырында ар бир секция бул тапшырмалар боюнча өз презентацияларын жасашты. Конференциянын экинчи күнүндө “Окуунун 5 базалык көндүмү” темасында Chemonics уюмунан Үмүт Какеева баяндама жасады. Аендан соң “Ата-эненин педагогикалык сабаттуулугу балдардын ийгилигине өбөлгө” темасында билим берүүдөгү эксперт, тренер Асылбек Жоодонбеков сөз сүйлөдү. “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун жаңы китептери боюнча аталган Фонддун аткаруучу директору Кендирбаева Догдургүл маалымат берди. Конференциянын жабылышында Кыргыз Республикасынын экс-Президенти жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусу Р.И. Отунбаева жыйынтыктоо сөзүн сүйлөдү. Конференциянын жүрүшүндө Областык өкүлчүлүктөрдүн орун басарларына, “Кыргыз жайыты” ассоциациясынын башчысына жана айыл аймактардын башчысы жана башкаларга сөз берилди. Бардыгы болуп 12 кызыктуу презентация сунуш кылынды, алар конференциянын катышуучулары тарабынан кызыгуу менен кабыл алынды. Конференциянын тыныгууларында жаш акындар Бердибек Жамгырчиев жана Умар Нусубалиев өз чыгармаларынан окуп беришти. Аталган конференцияда маданий программага дагы убакыт бөлүнүп, катышуучуларга Чолпон-Ата шаарындагы “Рух ордо” маданий этно-комплексине экскурсия уюштурулду жана ошондой эле “Жайлоо өнүгүү борборлору” аттуу сүрөт көргөзмөсү да көрсөтүлдү. Маалымат үчүн: 2014-жылы Фонд «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорун демилгелеген. Төрт жылдын ичинде тоолуу райондордо жашаган малчылардын 9100дөн ашык балдарын ар тараптан өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү. 2014-жылы Республиканын региондорунда - 35, 2015-жылы – 87, 2016-жылы – 117, 2017-жылы - 98 Жайлоо өнүгүү борборлору ачылды. Быйылкы 2018-жылга 100 Жайлоо өнүгүү борборлорун ачуу пландалүүда.