«Мезгил ыргактары» поэзия кечеси болуп өттү
May 21, 2018, 06:00«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон белгилүү акындар Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасынын, Алыкул атындагы жана “Алтын калем” адабий сыйлыктарынын ээси Мукан Асаналиевдин жана СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, КТРКнын отличниги, Түрксой уюмунун Ардак грамотасынын ээси Калчоро Көкүловдун чыгармачылыгына арналды. Кече 2018-жылдын 18-майында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында болуп өттү. Кечеге Кыргыз Республикасынын экс-президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, кыргыз элинин таанымал акындары, жазуучулары , жаш акындар жана илимий, чыгармачылык интеллигенциянын кеңири өкүлдөрү катышышты. Иш чара учурунда акындар М.Асаналиев жана К.Көкүлов өздөрү жазган ырларынан жана котормолорунан окуп беришти. Мукан Асаналиев өзүнүн 2017-жылы жарык көргөн “Белек” аттуу чыккан китебиндеги ырларын үч тилде окуп берип, көрүүчүлөрдү өтө кызыктырды жана таң калтырды. Ал эми акын Калчоро Көкүловдүн жакында жарык көргөн “Дүйнө күн” жыйнагынан окуган ырлары жана “Жыйырманчы жаз” аттуу обондуу ыры иш чарага келгендердин купулуна толуп, көңүлүн көтөрүп, дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду. Кече соңунда сөз сүйлөгөн Р.И.Отунбаева эки акындын ырлары гана эмес, алардын которгон ырларынын да абдан мыкты экендигин белгиледи жана авторлорго мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Ошондой эле “Поэзия кечелерин” абдан жогорку деңгээлде алып барып келаткан акын Мирлан Самыйкожого өзүнүн ыраазылык сөзүн айтты. Кечени акын Мирлан Самыйкожо алып барат.