Кыргызстанда «Балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана кесипкөйлөштүрүүнүн келечектери» 1-Улуттук Форуму ишин аяктады
May 18, 2018, 06:00«Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясында 2018-жылдын 15-16-майында «Балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана кесипкөйлөштүрүүнүн келечектери» биринчи Улуттук Форуму ишин аяктады. Иш-чара Кыргызстандын Өкмөтүнүн колдоосу менен Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Ага Хан Фонду менен өнөктөштүктө өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Отунбаева, Вице-премъер-министр Алтынай Омурбекова, КР Билим берүү жана илим министри Г.Кудайбердиева, КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Т.Исакунова, Өкмөттүн региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, КР Саламаттык сактоо жана Эмгек жана социалдык өнүгүү министрликтеринин өкүлдөрү, областтык методикалык билим берүү борборлорунун өкүлдөрү, ЮНИСЕФтин Женевадагы региондук офисинин эрте өнүктүрүү боюнча жетектөөчү кеңешчиси Дипа Гровер, ЮНИСЕФтин КРдагы өкүлү Юкиэ Мокуо, АКДНдин башчысы Шамш Кассим Лакка, жогорку окуу жайларынын, мектепке чейинки балдар мекемелеринин, ата-энелер ассоциацияларынын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты. Мындан тышкары, Форумга Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген өкүлдөр, АКШдан, Улуу Британиядан, Австриядан жана Түркиядан келген эксперттер катышты. Бардыгы болуп жолугушууга 400гө жакын адам катышты. Иш-чараны ачып жатып КР экс-Президенти жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын негиздөөчүсү Роза Отунбаева балдардын 24%ы гана мектепке чейинки мекемелерге барат деп билдирди. «Бирок кантсе да соңку 5 жылда республикабызда көп нерселер жасалганын белгилеп кетүү керек. Мисалы, биздин фонддун ишинде балдарды эрте өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Биздин уюмдун көмөктөшүүсү менен региондордо жайлоодогу өнүктүрүү борборлору түзүлдү. Эң маанилүүсү – биз ошондой эле ата-энелер менен иш алып барып жатабыз. Жыл сайын жайкысын 100гө жакын ушундай борборлорду ачабыз. Адамдык ресурсту өнүктүрүүдө кенже курактагы балдарды сапаттуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү артыкчылыктуу багыт болууга тийиш. Бул маселе өнүктүрүүнүн бардык мамлекеттик программаларына киргизилүүгө тийиш. Тилекке каршы, бул багытта мамлекет жападан жалгыз иштей албайт. Коомчулук, бизнес-структуралар жана менчигинин түрүнө карабастан башка уюмдар көмөк көрсөтүүгө тийиш», – деп айтты Р.Отунбаева. Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева өзүнүн баяндамасында соңку жылдары мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканына басым жасады. «Бул балдардын көп төрөлүп жатканы жана социалдык аспекттер менен байланышкан. Мисалы, дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүндөгү көп сандаган изилдөөлөр буларды көрсөтүп турат: балдарды эрте өнүктүрүүгө жана мектепке чейинки билим берүүгө салым узак мөөнөттүү социалдык жана билим берүү натыйжаларынын көз карашынан алганда алда канча майнаптуу болуп саналат. Бүгүнкү күндө мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 24%га жакынды түзөт», - деп айтты министр. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо балдарга инвестициялар өтө маанилүү деп билдирди. «Кыргызстанда 2 миллионго жакын бала бар, бул калктын дээрлик 40%ын түзөт. Балдарды эрте өнүктүрүүгө жумшалган ар бир доллар болжол менен 7 доллардык киреше берет. Бул кайтарым билим берүү жана саламаттык сактоо жагындагы жакшыртуулардын, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүнүн эсебинен алынат. Ал ошондой эле чоң кишилер калкынын ар жылдагы жекече кирешесин дээрлик 25 пайызга көбөйтө алат», - деп айтты ал. Мындан тышкары, Кыргызстандын жана Тажикстандын мугалимдери менен тарбиячылары Улуу Британиянын Өкмөтүнүн колдоосу менен ЮНИСЕФ уюштурган тынчтыкты жаратуу жана эрте өнүктүрүү боюнча тренингден өттү. Педагогдордун компетенттүүлүгүн кеңейтүү үчүн Түндүк Ирландиядан жана Улуу Британиядан келген «EarlyYears» машыктыруучулары балдарда жана ата-энелерде тынчтыкты жаратуу аң-сезимин калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн окутуу методдоруна үйрөттү. Бул Борбордук Азияда тынчтыкты жаратуу процессин чыңдоо максатында кенже жана мектепке чейинки балдардын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылат. «Балдарды эрте өнүктүрүү биз Кыргызстанда он жылдан ашык мурда ишке ашыра баштаган алгачкы программалардын бири болучу. Биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жакында кабыл алган «Биримдик, Ишеним жана Гүлдөп өнүгүү» программасын колдойбуз, ал балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт», - деп белгиледи өз сөзүндө АКДНдин Кыргыз Республикасындагы Дипломатиялык Өкүлү д-р Шамш Кассим-Лакха. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар өзөктүү маселелерди талкуулады жана эрте өнүктүрүүнүн жана сапаттуу кызмат көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн алга илгерилетүү үчүн Сектор аралык кызматташтык тармагын түзүү жөнүндө Стратегиялык пландын долбоорун кабыл алды. Ошондой эле резолюциянын долбоору кабыл алынды, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана аткаруу бийлигинин башка органдарына жөнөтүлөт.