Ак-Өргөөдө «Көчмө өнүгүү борборунун» кошмо жыйыны болуп өттү
April 19, 2018, 06:00Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Ак-Өргөо конушундагы №84 мектепте “Көчмө өнүгүү борборунун” кошмо жыйыны болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын экс-президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева жана ошондой эле Бишкек шаарынын мээриясынан, райондук акимчиликтеринен жооптуу жетекчилер, өнөктөштөр, эксперттер, Бишкек шаарынын 8 жаңы конуштарынан 300дөн ашуун ата-энелер, кварталдык комитеттердин жетекчилери катышышты. Эскерте кетсек, “Көчмө өнүгүү борборунун” максаты – кенже курактан балдарды өнүктүрүүгө жана тарбиялоого ата энелердин жана коомчулуктун көңүлүн буруу; турмуштук көндүмдөрдү үйрөтүү аркылуу наристелердин ар тараптан өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат. Жыйын учурунда сөз сүйлөгөн Р.И.Отунбаева балдарды кенже куракта өнүктүрүүнүн маанисине токтолуп, “Көчмө өнүгүү борборунун” бүгүнкү күндө абдан күчтүү жана келечектүү долбоор экендигин баса белгилеп, аны жайылтуу керектигин айтты. “Долбоордун туруктуулугун камсыздоо жөнүндө ойлонушубуз зарыл, урматтуу калайык калк, балдарыбызды эрте жаш курактан өнүктүрүүгө көп көӊүл бура алсак, Кыргызстан сөзсүз өзгөрөт”- деди КР экс-Президенти. Аталган жыйын учурунда 2017-жылдын ноябрь айынан бери “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан Бишкек шаарынын тегерегиндеги 8 жаңы конуштарда уюштурулуп, иштеп жаткан “Көчмө өнүгүү борбору” демилгесинин алкагында аткарылган иштердин натыйжасын камтыган иш-чаралар тууралуу демилгенин координатору Ч.Т.Абдыраимакунова кенен-кесири токтолуп өттү. Андан соң өнөктөштөр болгон көчмө медициналык клиниканын жаңы конуштарда жашаган балдарды жана алардын ата-энелеринин ден соолугун текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды Бишкек ден соолукту бекемдөө борборунун директору Г.Т.Айтмурзаева айтып берди. Ошондой эле балдарды өнүктүрүүдө аларга китеп окуп берүүнүн, улуттук оюндардын жана музыканын маанисин чагылдырган атайын номерлер тартууланды. Айрыкча “Дордой” конушунун ата-энелеринин күчү менен даярдалган “Чейин жана кийин” аттуу жана “Калыс-Ордо” конушунун ата-энелер жана балдардын катышуусу менен даярдалган коопсуздук темасындагы номерлер көрүүчүлөрдүн абдан кызыгуусун жаратты. Иш-чара учурунда кенже курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча Түркүя өлкөсүнүн тажырыйбасы тууралуу эксперт Д.Майгулакованын ой бөлшүүсү да абдан таасирдүү болду. Ал эми эл аралык эксперт А .У.Агайдарованын “Үй-бүлөдө баланы өнүктүрүү дептери” тууралуу берген маалыматы жана 8 баланын атасы, алардын ичинде 6 баласы шахмат боюнча улуттук, эл аралык деңгээлдеги чемпиондор болгон үлгүлүү үй-бүлөнүн ээси Съездбек Таштакеевдин өзүнүн тажырыйбасы менен бөлүшүүсү ата-энелердеги бөтөнчө кызыгууну пайда кылды. Жыйынга катышкан ата-энелер “Көчмө өнүгүү борбору” демилгеси иштеп баштаган 5 айдын ичинде өздөрү үйрөнгөн турмуштук көндүмдөрдү шардана кылып көрсөтүү менен, бул алардын көз караштарын өзгөрткөнүн белгилешти. Ошондой эле ата-энелер мындай демилге үчүн Фондго өздөрүнүн ыраазычылыктарын кайра-кайра билдирип, “Көчмө өнүгүү борборунун” ишинин мындан ары да улануусун суранышты.