Жазгы «Жашыл Бишкек» экологиялык акциясы
April 4, 2018, 06:00Кечээ, 2018-жылдын 3-апрелинде, «Жашыл Бишкек» эко-акциясынын алкагында №93 мектепке чейинки билим берүү уюмунун, №88 орто мектептин аймагында жана аутизми бар балдар үчүн «Кол колдо» борборунда 1000ден ашык көчөт (аморфия, павловния, зараң, гибискус жана бирючина) отургузулду. Көчөт отургузуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан курамына KICB банкы, "Кумтор" компаниясы жана Ага Хандын өнүктүрүү боюнча өкүлчүлүгү кирген GreenFoundation (Жашыл Фонд) менен бирдикте, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыкта уюштурулду. "Көлмө" турак-жай конушунда жайгашкан № 93 балдар бакчасында көчөттөрдү отургузуу боюнча биргелешкен акцияга КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Р.И. Отунбаева, "KICB" ЖАКтын башкармалыгынын төрагасы КвангЯнг Чой, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Ч.Н. Майтикова, жергиликтүү администрациянын, Жашыл Фонддун башка эки уюмунун өкүлдөрү, ошондой эле ата-энелер жана №93 МБУнун даярдоо тобунун тарбиялануучулары катышты. Бул акция «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында өткөрүлдү.